№91 мектеп-гимназиясы Орто жалпы билим берүүчү №91 мектеп-гимназиясы

Жолдошева Айгул Раимбердиевна

Технология мугалими

Жолдошева Айгул Раимбердиевна 1973-жылы 17-ноябрда Ош облусунун Ош шаарында кызматчынын үй бүлөсүндө төрөлгөн.

1980-жылы орто мектепке биринчи класска кирип,1990-жылы кумуш медалы менен аяктаган.

1994-жылы билим алууну улантуу максатында И.Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык Университетине тапшырып,1998-жылы аяктап,женил өнөр жай технологу адистигине ээ болгон.

1998-2003-жж. жеке компанияда дизайнер-технолог кесибин аркалаган.

2003-2004-жж.И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университинин машина куруу факультетинин деканатында инженер адиси болуп кызмат аткарат.

2017-жылы өз билимин өркүндөтүү максатында  Бишкек шаарындагы  И.Арабаев атындагы КМПУнун магистратурасына тапшырып,окуп атат.

2015-жылдан бери Кара-Жыгач конушундагы №91-мектеп гимназиясында кол өнөрчүлүк ийриминин жетекчиси,технология сабагынын мугалими болуп  эмгектенүүдө. Ошону менен катар учурда 5 Б-классынын класс жетекчиси.

Үй-бүлөлүү,төрт баласы,бир небереси бар.