№91 мектеп-гимназиясы Орто жалпы билим берүүчү №91 мектеп-гимназиясы

Тарбиялык иштер

2017- 2018- окуу жылындагы   тарбия  иштеринин анализи

№91  мектеп  -гимназиясында  Кыргыз  Республикасынын  Билим берүү  мыйзамына  ылайык   тарбия    иштери  жүргүзүлүп  келүүдө. Улуттук  жана  шаардык  программалардын  негизинде  бир жылдык  иш- чаралар түзүлүлүп, бекитилди.

№ 91 мектеп –гимназиясы  Бишкек шаарынын  Октябрь районундагы  ЖӨИ (ИДН)  тескөөчүлөрүнүн   башчылыгы  менен ,  Бишкекке шаардык  СПИД борбору, Наркология борбору ,  Бишкек шаарынын  өрт коопсуздук башкармалыгы  менен , шаардык  патрулдук  милициясы менен , Октябрь районунун  № 6 МАБ,  Бишкек шаарынын  №8 УБДТ  менен бир  жылдык   бир келишкен  иш –  чаралары  жүргүзүлгөн.

Мектеп  2 смен менен окуйт.  Ар бир кабинетте сменине  жараша  2ден  класс бекитилген . Жалпы  мектепте 46 класс бар  . Ар бир класска класс жетекчи бекитилген.

Тарбия  иштери  төмөнкү багытта жүргүзүлөт:

  • Сергек жашоо мүнөзү
  • Патриоттук тарбия берүү
  • Ден соолукту чыңдоо, спортко  тарбиялоо
  • Укук бузууну  алдына – алуу
  • Кесипке багыт берүү
  • Экологияга тарбиялоо  . Айлана – чөйрөнү   коргоого  тарбиялоо
  • Коррупцияга каршы  күрөшүү
  • Балдардын укугун  коргоо
  • Зомбулуксуз мектеп
  • Балдардын укугун коргоо
  • Наркоманияга каршы күрөшүү

 

Тартиби  оор  балдар  мектеп  каттосуна  алынды . Ошондой  эле  мектепте    профилактикалык  кеңештин курамы  түзүлүп, анын бир жылдык  иш  планы  бекитилген .

 

 

 

«Профилактикалык»кеңештин курамы:

  1. Акматова Н.Ш –    кеңештин төрайымы   тарбия завуч

2.Исакова  К. М .   –  кеңештин  мүчөсү.соц  педагог

  1. Асанакунова Эльзат    – кенештин мүчөсү,  уюштуруучу
  2. Бакытбек к.Айгерим     – кенештин мүчөсү  ЖӨ И кызматкери
  3. Турусбек к.Айжан – кеңештин мүчөсү  мектептин  психологу
  4. Турдукожоева Бактыгуль   – кенештин мүчөсү , ата-эне үй  кожойкеси
  5. Джаманкулова Эльмира     – кенештин мүчөсү, пенсионер.

Профилактикалык  кеңеш тарбиясы  оор  окуучулардын  ишин бир  айда бир жолу карап чыгат. Сабакты  көп  калтырган ,  окууга көңүлү  жок, турмуш шарты  оор,  окуучуларды  мектепке  тартуу  максатында   «Байкоо  жүргүзүү» журналы ачылып,  мектеп  директору тарбия  иштери  боюнча  директордун  орун  басары ,  соц .педагог-психолог  жана  мугалимдер  тарабынан көзөмөлдөндү.

2015-2017 окуу  жылдын  ичинде   :

ЖӨИ (ИДН) каттоосунда  – 3  окуучу

Мектеп каттоосунда –   8  окуучу

2017-2018  окуу жылында :

ЖӨИ (ИДН)  каттосунда –  13 окуучу

Мектеп каттосунда – 1 окуучу

Укук  бузуу  жана тартип бузуунун  түрлөрүү  боюнча: 2017-2018 окуу жылында   жалпы :

БИБК (ИДН) каттоосуна кылмыштуулугуна  карата  бөлүнүшүнүн  мониторинги
БаардыгыАлкогол  ичим.

колдон үчүн

Наркот. колдон. үчүнТамеки    колдон. үчүнмушташ

үчүн

рэкетуурулукГаз балон, бычак,   жана  башка     зыян келтирген   буюмдарды алып келгендиги   үчүнСабакты себепсиз калтыргандыгы үчүнҮйдөн   кетип калгандыгы үчүнБашкалар
    13571

 

2017-2018 окуу жылында   жалпы :

  Мектеп каттоосунда   кылмыштуулугуна  карата  бөлүнүшүнүн  мониторинги
БаардыгыАлкогол ичим.

колдон үчүн

Наркот. колдон. үчүнТамеки     колдон. үчүнмушташ

үчүн

рэкетуурулукГаз балон, бычак,   жана  башка     зыян келтирген   буюмдарды алып келгендиги   үчүнСабакты себепсиз калтыргандыгы үчүнҮйдөн   кетип калгандыгы үчүнБашкалар, тарбиялоого оор болгон
    11

 

Тарбиялоого    оор  болгон  , сабакка көңүлү жок, сабакты көп калтырган  окуучуларды жана  мектеп  , ЖӨИ каттоосунда  турган  окуучуларды  өзүнүн  кызыгуусуна  карап,  мектеп  ичиндеги   ийримдерге тартуу жүргүзүлгөн.   Жалпы  мектепте  ийримдер  чет  тили, так  илимдер  , табыгый   илимдер,  спорт   жана  эстетика  багытында   ийримдер  иш  алып  барышат .  Жогоруда  аты  аталып  кеткен  окуучулар   ийримге  тартылышкан.

 

Мектептин  окуу жүгүртмөсүнө класстык сааттар коюлуп,  класс жетекчиси тарабын өтүлүп турат. Класстан тышкаркы  жүргүзүлүүчү  иш-чаралардын  болжолдуу  темалары окуу  жылынын  башында  кабыл   алынып, бекиттирилген. «Аталар»  кеңешинин» курамы ,  «Балдар кеңеши» жана   «Кыздар кеңешинин»  курамдары  түзүлүп  иш-  пландары  бекитилди.

Жыл  ичинде  мектепте   окуучулардын  тартиби, тазалыгы, формасы,  жетишүүсү,  катышуусу  ж.б.    көзөмөлдөп  туруу үчүн күзөттүн   графиги бекитилген.алар жума сайын окуучулардын линейкасында каралып, жыйынтыгы чыгарылат.

Чарба иштери  боюнча  директордун  орун  басары   Жумадылов  Ильич      окуучуларга техникалык коопсуздук эрежелер жөнүндө   маалыматтарды  берип турат. Эмгекти  сактоонун  эрежелерин  түшүндүрүү  иштери  мектептин  кол  эмгек  мугалими  Өзүбекова Азимага    жүктөлгөн.  Жол  эрежелери, өрт жана табигый  кырсыктардын  коопсуздугун   сактоо боюнча класстык сааттар, сабак-лекциялар жана башка   ар кандай  иш  чаралар  класс  жетекчилер  жана  дене тарбия   мугалимдерине тапшырылган  жана  талапка  ылайык  иш жүзүнө  ашууда

Мектепте  ата-энелер  чогулушу  боюнча бир жылдык иш  планы түзүлгөн  . Ар бир чейрек сайын  ата-энелер чогулушу өтүлөт .

“  Балдардын   ден  соолугун  чыңдоо  жана  өмүрүн  сактоо”  программасы  боюнча  :

Мектепте Бишкек  ШПМ  башкармалыгы  тарабынан  бекитилген   патрулдук  милициясынын  инспектору  Молдосартов  Б.М.   мектептин                                                                                                                                                           тарбия  завучу  Акматова Н.Ш.   жумасына  бир  жолу   1-11  класстардын  окуучуларына :

  Январь ,  февраль  айында “ Кышкы  тайгак “,  “Жол  кыймылынын  коопсуздугун сактайбыз! “,

Март , апрель   Жол кыймылынын  жаш  инспекторлору  райондук конкурска  катышып  4-орунду  ээлеп  келишти.

12-13  май   айында   4-6  класстын окуучуларына    “Балдардын   жолдогу   жүрүм  –  турум    маданияты  , “ Уюлдук телефонду жолдо  колдонбоо ”  боюнча  ЖЖКИ(ЮИД)   инспекторлору  оюн  аркылуу  иш- чараларын   өтүштү.

6-сентябрь   “Биз  жолдо жүрүү жана өрт  ,техника  коопсуздугун сактайбыз   аттуу  2-11  класстын   класс жетекчилер  тарабынан   класстык  сааттар өтүлүп   тааныштырылып  кол  коюп  чыгышты .

 Октябрь  , ноябрь  айларында   мектептин  жыйын  залында   Бишкек шаарынын ПМ  испектору Молдосартов Б. М. мектептин  “Жаш  канат” парламенти ,  ЖЖКИ  (ЮИД)  командасы   менен   бирдикте  ыр,  табышмак   кызыктуу   көрсөтмөлөр   менен    мектептин   даярдоо  группасына   ( подготов. группа) жана  1-4  класстын  окуучуларына      жол эрежелери  боюнча     лекция өтүп  маршруттук  баракчаларын  текшерип  жатышты.

Декабрь  айында  балдарга  кышкы  каникул  убагында  “  Кышкы  тайгакта  жол   кыймылынын   коопсуздугун сактайлы ! “ аттуу  сүрөт конкурсу уюштурулду.  Жеңүүчу  окуучуларга  гуаш  краскасы белекке берилди.

 

                                                                   Серкек  жашоого   тарбиялоо 

Сергек жашоого тарбиялоо     боюнча   окуучулардын  санитардык  –  гигиеналык   эрежелерин   сакталышы  боюнча  мектепте  ар бир кабинетте  ден  соолук  бурчу  уюшулган.

2018- жылы 23 – 28 январь   айында   “Сасык  тумоодон  жана  жугуштуу  оорулардан    сактаналы !  “  аттуу  1-9  класстын  окуучуларына  мектеп  парламентинин   тазалык  секторунун   мүчөлөрү  менен  мектептин  мед.  айымы  бирдикте    мектептин  жыйын  залында    слайд  аркылуу  жугуштуу оорулар      боюнча   толук  маалымат   беришти.

17  -январь   2018-жылдын    К. Р.  Наркология  борборунун   лектору    Бородина   Е.И.  9-10-11  класстын  окуучуларына                                                    “ПАВ “,   “Насвай”  , “Токсикомания”  ,  “Спайстын    зыяндуулугу”    аттуу слайд   менен лекция өттү.

6 –  февраль  2018-жылдын  7-8-  класстын  окуучуларына    “ Токсикомания”,  “Насвай” ,  “Тамекинин  зыяндуулугу “  аттуу  лекция өтүлдү.

24  -мартта   дене тарбия  мугалими  Сапарова Надира  24  – март  жазгы  каникул  учурунда  мектеп  парламенти   менен  бирдикте окуучуларга     “Кургак  учукка  каршы  күрөшөбүз !” – аттуу  темада  спартакиада өтүштү.

Эң  мыкты көрсөткүчтөрдү берген    7-Д , 8-Г, 9-А класстын  окуучуларына  “Алинур”    ата  –  энелер  коомдук  бирикмеси каржылап     баалуу белектер  менен  сыйланышты.

Мектепте  “ Таза  кол “   акциясынын  алкагында   сентябрь , октябрь,ноябрь  айларында     “Жугуштуу  оорулар  “ деген темада дубал  гезиттер  конкурсу  уюштурулду .  Эң   мыкты дубал гезит деп   9-В  ,   9-Б   класстын  окуучуларыныкы эсептелди.

Берилген  график    боюнча   орус тили  ,  кыргыз  тили  мугалимдери   ,         2-11  класстын  окуучуларына  “ Сарык “ (Гепатит) ,  Кургак учук  (Туберкулез )   “Кызамык   жана  кызылча “  оорулары  боюнча   жат  жазуу    жазышты.           11-класстын  класс жетекчиси  Бакеева Р .Ш.    11 –класстын  окуучулары  менен    8-9-10-класстын окуучуларына   1-декабрда  “ Спид-  кылым кайгысы”  аттуу  иш чара өттү. Анда слайд менен СПИД-ВИЧ оорусунун зыяндуулугу жөнүндө лекция , ден соолук жөнүндө ырлар, макал-лакаптар айтылды, сценка аткарылды.

Окуучуларды    патриоттук, мекенчилдик,  эмгекке тарбиялоо

 Мектепте   Улуу Жеңиштин – 73   жылдыгына карата  план  иштелип  чыгып   ,  бекитилип  мөөнөттөрү   көрсөтүлгөн.     “  Улуу  Жеңиштин 73 жылдына ”  жана  ” Афган  жана Баткен  ардагерлерине  таазим ! “ аттуу  бурч  уюштурулду.

15  – февралда  Советтик  Армиянын   Афганистандан  бошотулгандыгынын   28-  жылдыгына  карата   “  Биз – Мекендин    коргоочуларыбыз  “   деген  темада  спорттук  оюн  уюштурулду  .

22- февралда     Ата  Мекенди  коргоо  күнүнө  арналган  “Пагончон  сулуу “  аттуу иш  -чарасы  өткөрүлдү. Бул   иш  чарага   №   97632  Учкуч   аскер  бөлүмүнүн  башчысы  полковник  Жусупбеков  М.Ж  жана    ата-энелер  катышты.     Иш  чара  сынак   т­үрүндө  өтүп  ,  9-10-11  – класстын  окуучулары арасында

Март  айында   ийримге   катышкан  окуучулар  “Эр  жигит  “  сынагына,  мындан  сырткары   ИИМ   Э.Алиев  атындагы   Аскер Академиясына  барып  катышышты.

19- апрелде  “Патриот”  командасы   Д.Асанов  атындагы аскер – лицейинде  өткөн  райондук   “Эр  жигит “  конкурсуна   катышып   4-орунга  ээ болушту.

28  –  апрелде  “  Өрт  өчүрүүчүлөрдүн  жаш  достору  “аттуу   сынакка  катышып   4  –  орунду  ээлеп  келишти.

4 –  майда  даярдоо  жана  1-11 – класстын   класстар  арасында  Улуу Жеңиштин   72 –жылдыгына   арналган  “ Ыр  менен катар  басуу”  парады    өткөрүлдү. Бул  иш – чарага   №6 МАБ Кара – Жыгач  жаңы конушунун  айыл  өкмөтү  Мамытканов  Шералы  жана  ата-энелер  катышышты. Эң  мыкты  даярдалган  класстар      “Алинур “ ата-энелер  коомдук бирикмесинен белектер  берилди.

6 –декабрь  К Р   Согуш  ардагери  жана  акын  жазуучу  Асек  Урманбетов       8-9-10-11  класстын  окуучуларына  “  Мектеп   окуучуларын  адептүүлүккө  , ыймандуулукка ,  чыдамдуулукка   тарбиялоо “деген темада тегерек стол  өтүлдү.Жаз  жана  күз  айларында  окуучуларды  эмгекке  тарбиялоо   максатында   мектептин  айланасында жаш  бактар  отургузулуп жана  үч  айлык   ишембилик  уюштурулуп жатты.

Балдардын   укугун коргоо жана  колдоо  улуттук  программасы  боюнча  мектептин  соц. педагогу мектептеги социалдык  жактан  муктаж болгон  окуучулардын  тизмесин тактап  чыкты :

1 Жетим-1.

2.Жарым жетим-66

3.Көп  үй-булө-69

4.Майып окуучулар-7

5.Ата-энеси майып-6

6.Афган-1

7.Аз камсыз-13

  1. Толук эмес үй-бүлө-49
  2. Мигрант-37

Социалдык жактан  муктаж болгон окуучулар мектеп боюнча 249 окуучу.

Мектеп боюнча социалдык жактан муктаж болгон окуучулар 16.9% түзөт.

Октябрь районунун балдарды  укугун коргоо соц фонду менен биргелешкен бир жылдык иш план менен иш жургүзүп келе жатабыз.

Алардын жардамы менен биздин мектепте туулгандыгы тууралуу күбөлүк жокторуна , кубөлук  алып берип жатабыз. Аз камсыз үй-бүлөлөргө акимият жактан  материалдык  жардам  көрсөтүүгө   иштерди  жүргузүп жатабыз. Мектептен ата-энелер тарабынан түзүлгөн  “Алинур” коому тарабынан дагы жардам көрсөтүлүп жатат. Ар кандай майрамдык иш- чараларга белектер тапшырылып жатат.

Мектепте 15.11-15.12 . 2017жылы  “  Жашоо  бардыбызга  бирдей   “аттуу   бир айлык  иш-  чарасы  өтүлдү. Мектептин соцпедагогу  мектептин   майып   балдарын     жана майып  ата-энелердин    тизмесин  тактап чыккан .

Мектепте “Биз дайыма биргебиз  !”  аттуу сүрөт  конкурсу уюштурулду .

1-11  класстын  класс жетекчилери жана мектеп  “ Жаш  канат “

парламенти 2- декабрда майып окуучуларга  концерт уюштуруп,  ар бир майып окуучуга  белек  тапшырышты.

16- декабрда  Октябрь  райондук  “  Жаштык “  борборунда  биздин    социалдык   жактан   муктаж болгон  окуучулар  жана мектептин  майып   окуучулары  жалпы  60 окуучу  “Жаңы  жылдык   балаты“  концертине    барып  келишти.

Президенттик елкага 6-класстын окуучусу  барып келди. Бул окуучу социалдык абалы толук эмес үй-бүлөдөн.Эки бир тууган,жалгыз апасы тарбиялайт.

Мэриянын елкасына жарым жетим 2 окуучу барды. Жалгыз бой эне  тарбиялайт ,аталары каза болуп калган. Батирде турушат,көп бир тууган.

 

                        №91мектеп – гимназиясынын психологдун  жарым жылдык өтүлгөн иштери.  2017-2018 окуу жылы.

МөөнөтүКлассИш-чараЖыйынтыгы
08.09.20171 «В» 

Менин үй-бүлөм

4 окуучу үйдө  мамилеси начар,    1 окуучу, өзүнө ишенүүсү жок,

34 окуучу  катышты.

11.09.20171 «Г»2окуучу агресивдуу,4 окуучу  атасы менен  мамилеси жок,

35 окуучу катышты.

12.09.20171 «А»5окуучу атасы менен  мамилеси жок, 4окуучу низ самооц, 1окуучу күнөлүү  сезет

38окуучу  катышты

15.09.20171 «Б»4окуучу  коркуу сезими жогору,     2 атасы менен  мамилеси жок,

38 окуучу катышты.

18.09.20172 «Г» 

 

Менин үй-бүлөм

2окуучу агр, 1ок апасынан коркуу, 33 ок катышты
19.09.20172 «А»3ок агресивдуу,1 гиперактивдуу,4низ самооц, 33 ок катышты.
20.09.20172 «Д»3 низ самооцен,3 ок атасы мн мамилест жок,33 ок катышты
20.09.20172 «Б»3 ок низ сам, 1ок озун ккунолоо(атасы кеткенине),1ок агр.29ок катышты.
25.09.20172 «Е»Класс жаны тузулгон 4ок агр, адаптациясы кыйын отуп жатат,1 ок озун атрткан эмес, ата-жнелеринен коп конул жок. 25 ок катышты
25.09.20172 «В»4ок озун тарткан эмес, 3 атасы мн мамилеси жок. 29ок катышты
13.09.20173 «А» 

 

Адам жамгырда

51% корголгон, 18% жарым корголгон, 31% корголгон эмес деп сезишет.
19.09.20173 «Д»35% корголгон, 17% жарым корголгон, 48% корголгон эмес деп сезишет.
20.09.20173 «Б»36% корголгон, 42% жарым корголгон, 22% корголгон эмес деп сезишет.
16.10.20173 «Е»31% корголгон, 38% жарым корголгон, 31% корголгон эмес деп сезишет.
24.10.20173 «Г»29% корголгон, 39% жарым корголгон, 32% корголгон эмес деп сезишет.
27.09.20174 «А» 

Мен жана менин классым

13% жакшы, 57% классташтар мн, 10% жетекчи мн, 20% мамилеси кыйын
27.10.20174 «Б»31% жакшы, 42% классташтар мн, 21% жетекчи мн, 6% мамилеси кыйын
03.10.20174 «В»43% жакшы, 16% классташтар мн, 24% жетекчи мн, 17% мамилеси кыйын
24.10.20174 «Д»43% жакшы, 25% классташтар мн, 21% жетекчи мн, 11% мамилеси кыйын
29.09.2017

02.10.2017

1класстарТест Керна-Йерасика1 «А» 50% дайын, 20%начар

1 «Б» 39% дайын, 22%начар

1 «В» 48% дайын, 14%начар

1 «Г» 69% дайын, 8% начар

16.10.20175 «В»Тест Филипса

Шкала Кондаша

Тынчсыздануусу: 7% жогору,36%орто, 57%томон.

23% мектеп боюнча, 3% озун-озу билуу боюнча, 74% башкалар мн мамиле боюнча тынчсыздануу.

18.10.20175 «Б»Тынчсыздануусу: 11% жогору,39%орто, 50%томон.

73% мектеп боюнча, 23% озун-озу билуу боюнча, 4% башкалар мн мамиле боюнча тынчсыздануу.

24.10.20175 «А»Тынчсыздануусу: 8% жогору,37%орто, 55%томон.

17% мектеп боюнча, 11% озун-озу билуу боюнча, 72% башкалар мн мамиле боюнча тынчсыздануу.

18.10.201710 «А»Шкала Кондаша

Анкета УУ

12,5% мектеп тынчсыздануусу, 62,5%озун-озу тушунуу боюнча, 25% башкалар мн мамилеси боюнча тынчсыздануусу.

Мугалимдер мн мамиле

Гностикалык 56%, жмоциалдвк 13%, реалдые 31%

 

Жардам беруу иш

10.09.2017

30.09.2017

Ата-эне

1 кл

Тренинг

Ɵз алдынча сүйлөшүү

Узакбаев А ( чер-моз давление)

Олжобаев Н (гиперактив)

Арта калып жаткан балдардын ата-энелери. Кенештер берилди: эмоциалык жардам беруу, чоогу окуу, кружокторго катышуу.

25.09.20172 «Б»СүйлөшүүЖангазиева Алия атасы Жангазиев Жанат РФ (затормож)невропотолко кайрылуу
16.10.20175 «А»СүйлөшүүНазарматов Н апасы Муратова Т жаны мектепке келуу адаптациясы жай отуусу.
18.10.20175 «Б»Сүйлөшүү ГТЭсеналиев А атасы жаман создор мене нкл.кыздарын айткан. Суйлошуудо маанисин билген эмес.
20.10.20176 «Б»Сүйлөшүү ГТСмаилова Ф уйго кеч келген. Суйлошуудо апасынын мамилеси жакпайт. Апасы келбей жатат.
13.11.20178 «А»Лусканова тести

(мектепке умтулушу)

63% томон, 37%ойдо
8 «Б»8% терс 48% томон, 44%ортодон ойдо
14.11.20178 »Д»3ок терс, 52%томон, 36%ортодон ойдо
15.11.20178 «В»2ок терс, 63% томон, 29% ортодон ойдо
8 »Г»2ок терс,  76% томон, 14% ортодон ойдо
17.11.20178 «А»Лурия тести (конул буруусу)19% томон, 52% орто, 29% ойдо
8 «Б»52% томон, 28% орто, 20% ойдо
8 «В»42% томон, 42% орто, 4% ойдо
8 «Г»38% томон, 48% орто, 14% ойдо
8 «Д»52% томон, 37% орто, 11% ойдо
27.11.20175 «А»«менин классым» сүрөт тестиКлассташтарына жакын 45%, 5% эч ким менен мамилеси жок, 42% баары мн жакшы, 8% мугалимге жакын.
28.11.20175 «Б»Классташтарына жакын 30%, 10% эч ким менен мамилеси жок, 43% баары мн жакшы, 17% мугалимге жакын.
29.11.20175 «А»Лурия тести (конул буруусу)11% томон, 26%орто, 63% ойдо
5 «Б»4% томон, 23%орто, 73% ойдо
04.12.20175 «Г»«Менин классым» сурөт тестиКлассташтарына жакын 53%, 12% эч ким менен мамилеси жок, 23% баары мн жакшы, 12% мугалимге жакын.
05.12.20175 «Г»Лурия тести

(көнул буруусу)

6% томон, 12%орто, 82% ойдо
11.12.20176 «А»Лурия тести(көнул буруусу)15% томон, 31%орто, 54% ойдо
Лусканова тести

(мектепке умтулушу)

19% томон, 81% ойдо
12.12.201710 «Б»Кондаша шкаласы

Анкета УУ

19% мектеп тынчсыздануусу, 37%озун-озу тушунуу боюнча, 44% башкалар мн мамилеси боюнча тынчсыздануусу.

Мугалимдер мн мамиле

Гностикалык 44%, эмоциалдвк 50%, реалдык 6%

13.12.2017Педколл.Канчалык денгээлдеги урушчаак.63%орто, 37% томон
15.12.20177 «В»Лурия тести

(көңүл буруусу)

27% томон, 30%орто, 43% ойдо
4 «Г»«менин классым» сүрөт тестиКлассташтарына жакын 64%, 13% эч ким менен мамилеси жок, 23% баары мн жакшы,
18.12.20173 «В»Адам жамгырда49% корголгон, 36% жарым корголгон, 15% корголгон эмес деп сезишет.
19.12.20177 «В»Лусканова тести

(мектепке умтулушу)

9% томон, 91% ойдо

 

Коомдогу үй-бүлөлүк зордук- зомбулукка каршы күрөшү аттуу темада мектепте иш чара түзүлгөн.

Сентябрь айында ар бир класс жетекчи класстык  сааттарды өтүп, зордук-зомбултун алдын алуу боюнча түшундурүү иштерин жүргузуштү.

Октябрь айында жалпы ата-энелер чогулушу өтүлүп, анда  балдарды ар кандай  кырсыктардан сактоо боюнча ата-энелерге түшундүрүү иштери жүргүзүлдү .

Ноябрь айында “Зордук-зомбулуктун алдын алуу күнүнө  ” карата 9-11-класстарынын ортосунда тегерек стол өткөрүлдү .    Мектептин

“Жаш канат “ парламентинин мүчөлөрү мугалимдер менен бирдикте зордук- зомбулук боюнча ой бөлүшүп сүрөт аркылуу  стендке  чапташып

“ Бардыгыбыз  үй бүлөлүк  зордук –зомбулукка каршы күрөшөлүү ! “атту девиз коюшту.

 

Спорттук-массалык иш чараларынын 2017-2018 окуу жылынын жыйынтыгында

 

30-январь куну “Балдардын кышкы эс алуусу тоодо” урааны менен шаардык мэрия тарабынан уюштурулган оюн-зоок программасы тоодо өткөрүлдү.  Биздин мектептин спортчу балдары да эс алууга чыгышып, ар кандай кызыктуу спорттук оюндарга катышышып, байгелерди жеңип алышты.

8-февраль күнү балдар тоого лыжа тепкени чыгып, көңулдуу эс алып келишти.

12-февраль куну Октябрь районунун спорт комитети тарабынан райондордун мугалимдеринин арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. №91мектеп гимназиясынын мугалимдери 1- орунду ээледи.

21-мартта мектеп окуучулары Д.Асанов атындагы паркта “Нооруз” майрамына арналып өткөрүлгөн дартс, аркан тартыш, таяк тартмай жана кыймылдуу оюндар боюнча райондук мелдешке катышып, спорттун бул бардык түрлөрүнөн  №91 МГнын  спортчулары 1-2 орунду ээлешип, баалуу сыйлыктарга ээ болушту.

27-март күнү Арча-Бешик жаны конушунда Газпромдун залында “Мектеп лигасы” Спартакиадасынын ачылыш аземи болуп өттү. Ушул эле күнү КГАФКнын спорттук базасында мектеп жашындагы өспүрүмдөрдүн арасында таяк тартыш боюнча мелдеш болуп өттү. Биздин окуучулар 2-орунду ээледи.

29-апрель шаар күнү белгиленип  борбордук аянтта шаар мэри жана мэриянын алдындагы дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысынын катышуусу менен спорттук мелдештер, оюн-зоок программалары өткөрүлдү. Женүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. № 91 мектеп гимназиясы Октябрь районунун эн мыкты 4 мектебинин катарына кирди.

1-май куну борбордук аянтта мектеп окуучулары арасында жеңил атлетика, дартс, таяк тартыш, бука тартыш, көнүлдүү старттар боюнча мелдештер өткөрүлдү. Биздин окуучулар адаттагыдай эле спорттун бардык түрүнө катышып, байгелуу орундарды ээлешти.

9-май Жениш күнүнө карата Жеңиш паркынан өчпөс отко чейин спортчу окуучуларыбыз менен бирге жөө жүрүш жасадык.

1-июнь Кара-Жыгач жаны конушунун футбол талаасында  мектеп окуучулары арасында” Балдарды коргоо”  кунуно карата футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Биздин окуучулар 2-орунду ээлешти.

15-июнь №88-орто мектебинде футбол, дартс, женил атлетика, пионербол, көнүлдүү старттар боюнча мелдештер өткөрүлүп, женүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Биздин окуучулар 1-2 орундарды ээлешти.

28-июндан 6-июлга чейин шаардык спорт комитети тарабынан мектеп лигасынын женүүчүлөрү (бизден 10 окуучу) Ысык-Көл облусунун Алтын-Булак пансионатында эс алып келишти.

31-августа КРнын эгемендүүлүк күнүнө карата Кара-Жыгач жаны конушунун футбол аянтында  өспүрүмдөр арасында мектеп биринчилиги өткөрүлдү. Балдар аябай көнүлдүү маанайда футбол боюнча мелдешке катышышты. Байгелүү орунга ээ болгон командаларга кызыктыручу сыйлыктар тапшырылды.

20-сентябрда “Мектеп лигасынын” 2-сезонунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өтүп, концерттик программа менен коштолду. Ачылыш аземдин аягында “Мектеп лигасынын” 1-сезонунун женүүчулөрү спорт инвентарларына сертификат менен сыйланышты. Алардын катарында №91 мектеп гимназиясы да сыйланды.

5-октябрь куну №91 МГнын спорт аянтында ордо боюнча Октябрь райондук мектеп лигасынын мелдеши өткөрүлүп, биздин окуучулар 1-2-орунду ээлешти.

6-октябрь күнү женил атлетика боюнча лигадан балдар командасы 1-орунду, кыздар командасы 5-орунду камсыз кылышты.

7-21-октябрь кундору мектеп лигасынын футбол боюнча мелдеши өткөрүлүп, биздин окуучулар 6-орунду ээледи.

20-октябрда спорттун прикладдык түрлөру боюнча лига мелдешинен  5-орунду ээледик.

27-октябрь күнү стол тенниси боюнча мелдештен 4-орунду биздин окуучулар ээлеп келишти.

3-ноябрь күнү баскетбол боюнча мелдеште биздин окуучулар 8-орун болушту.

10-ноябрь күнү гандбол боюнча мектеп лигасынын мелдешинде 7-орунду камсыз кылдык.

13-ноябрь күнү дартс боюнча мелдеште  биздин окуучулар 6-орунду ээлешти.

24-25- ноябрь күндөрү балдар волейболунан 4-орунду ээлеп, ал эми 1-2 декабрь  кундөрү өткөн кыздар мелдешинде 3-орунду ээледик.

7-декабрь күнү бука тартыш мелдешинде мектеп окуучулары 1-орунду ээледи.

9-декабрь күнү аркан тартыш боюнча мелдеште 2-орунду ээледик.

13-декабрда шахмат боюнча мелдеште 10-орун, 15-декабрда шашки боюнча мелдеште 16-орунду ээледик.

20-21-декабрь кундөру мектеп лигасынын акыркы мелдеши, спорттун тогуз коргоол боюнча мелдешинде кыздар командасы 1-орун, балдар командасы 2-орунду ээлешти.

2017-2018 окуу   жылы  25 – октябрь  айында   №91  мектеп –гимназиясында  Октябрь  райондук   БББнын   бир жылдык  жүгүртмөсү   боюнча   “ Жарандык  коргонуу “   күнүнө   карата  иш-  чарасы  жүргүзүлдү.

Иш  – чарага  Бишкек  шаарынын Октябрь  районунун   МЧС  бөлүмүнүн  башчысы  Б.З. Акматов  ,   Сагыбаев  Т .Ч.  келип  катышып  сөз  сүйлөштү.

1-11   класстын  окуучуларына   “Жарандык  коргонуу  “  боюнча  аркандай  бөлүнгөн  темалар  боюнча  класс жетекчилер  класс  жетекчилер  класстык  саааттарды  өтүштү.

Жыл жыйынтыгында былтыркы жылы Октябрь районунун мыкты 4 мектебинин катарына кирсек, быйылкы жылы Октябрь райондук дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан Октябрь районунун “Эң мыкты спортчу мектеби” номинациясына ээ болдук.

Окуучулардын формасы ,сабакка окуу куралдарын салып келүүсү , сабакка катышуусу, сабактан кийинки убактысын , окуучулардын мектептин , мектептен тышкаркы  катышкан ийримдерге , үйдөн мектепке чейин  ,мектептеп уйгө чейинки окуучунун  коопсуздугу   толугу  менен ата-энелерине жүктөлсүн ата-эне  милдетин  боюнча иштерди  өткөрүү.

 

                         2017-2018  окуу  жылына   карата   ийрим   жетекчисинин   жылдык   анализ   отчету.

№ 91   мектеп  гимназиясында    жалпысынан  жыл ичинде   30  ийрим  иштеди. Сентябрь  айынан  баштап 27  ийрим  иштесе,жыл аягында  30  ийрим  аяктады.  Алар   чет тилдер, табигый, так  илимдер  жана эстетика  багыты  боюнча.Чет  тилдер- кытай  тили,немец  тили,түрк  тили  жана  англис  тили. Ал эми   табигый  багыты  боюнча   биология,химия,география,тарых.Так    илимдерден    математика,            информатика,   сабактары    кирет. Эстетика      багыты    боюнча    комуз, бий, тикмечилик, саймачылык,  вокал,уз  кыздар,валейбол,тогуз  коргоол, кудо,  драм   ийримдери  кирет . Август   айынан  баштап  окуу  программа  боюнча  календарлык-тематикалык  план  түзүү  жана   бекитүү  ийрим  жетекчилерине   милдеттендирилген.

Жаңы  окуу  жылынан   кабинеттерди  даярдоо   менен   башталып, ийримге катышуучу окуучулардын  тизмеси   такталган. Сабактардын   жүгүртмолорү  түзүлүп, кабинеттер  бөлүштүрүлдү. Ошондой  эле  жаш  мугалимдер  насаатчы  мугалимдерге  дайындалды.

Сабактар    убагы     менен   калтырылбай,   үзгүлтүксүз  өтүлүп  жатты.   Баардык     сабактарда    II   группага    бөлүп   өткөндөрү    маалым  болду.  Сабактар  менен гана  чектелбестен  ноябрь   айында    жаш  мугалимдердин  көрсөтмө    куралдарынын  конкурсуна, кол  өнөрчүлук   өнөрү  боюнча   ийрим    мугалими   Молдалиева   Аксана   катышты. Конкурска   өзүнүн    жана  окуучулардын    кол  эмгектеринен   жаралган  буюмдарды, суротторду  көрсөтүп   жетекчилер   жана   көрүүчүлөр    тарабынан   мактоого  арзыды  десем  болот. Эң   негизги  баса көрсөтүүлүчү   бүюмдардан  кыргыз  элибиздин     “жаасын”  айта  кетсек  болот. Себеби  “салттык  жаа  атууну”    биринчи жолу   көрүп,  кармагандар    да    болду.

Ноябрь   айында   сабактан   тышкаркы  ийрим   усулдук  бирикмесинен   “Эр  жигит”  ийрими  уюштурулуп,бул  ийримге  мектеп  учетуна    алынган   жана  тентек   окуучулар   катышышты.  Бул  ийримдин   негизги   максаты      окуучулардын   патриоттук   сезимин   ойготуу, Ата Мекенди   сүйүү, коргоо, ар   бир  жасаган  иштерине    жоопкерчилүктүу   болууга   тарбиялоо.

Декабрь  айында  өткөрүлүүчү   “Өнөрүң  болсо  өргө  чап”  темасында  каралган  ийримдердин  иш  чарасы    болуп  өттү.Бул  иш чарага  “кол өнөрчүлөр”,”саймачылар”  жакшы  активдүү  катышышып     атайын   көргөзмө     уюштурулду.Анда  ийримге  катышкан  окуучулардын     эмгегинен  жаралган  буюмдарды   залга коюшуп    көрүүчүлөрдүн   мактоосуна   арзыды   деген  ишеничтемин. Андан   сырткары  “бий”,”комуз”  ийримине   катышкан  балдар  кыздар   өз  өнөрлөрүн    көрсөтүштү.”Немец”, “англис”  тил   ийримине    катышкан   окуучулар  чет  тилче   ырдашты.

Ошондой   эле   ушул  айда  жарым  жылдык  отчет  менен  аяктадык.  Ийрим  мугалимдери   жарым  жылдык   отчетторун   тапшырышты.

Аталган   жылдын    24.01-10.02   чейин    ийрим   жумалыгы   болуп  өттү. Жумалыктын   темасын  “Поэзия  кечеси”  деп  атадык. Себеби   элибизде   айтылгандай   “Эл  дөөлтү – эне  тил” демекчи   биз  ийримдердин  жумалыгынын     ачылышында   окуучуларды   кыргыз  тилинде, заманыбыздын   алп   акыны   Алыкул   Осмоновдун    ырларын   көркөм   окууга,  ырдын,комуздун, бийдин  коштоосунда     чагылдырып  берүүгө   аракет   кылдык.Алыкул   Осмоновдун       103  жылдыгына    карата   акындын   ырларын   окуучулар   көркөм   окушуп, Роза   Отунбаеванын   демилгеси   менен    мектепке   келген  коноктордун    көңүлдөрүнөн    да   түнөк  таап,   мактоого  арзышты. Ошону    менен    катар   26.01    улуттук   филормонияда   өтүлө  турган   “Буулуккан  булуттар”  аттуу  поэзия   кечесине    окуучулар  чакыруу   алышты.

Мындан   сырткары   өтүлө   турчу    ачык   сабактардын    графиги   түзүлгөн. Кытай  тилинин   мугалими   Асаналиева   Калбүбү   “Кытай  жаңы  жылы”  аттуу  темада    класстан    тышкаркы   сабак  өттү. Сабакта    мугалим    окуучулар   менен    бирдикте     кытай  элинин   жаңы    жылды    өткөрүүдөгү    озгөчөлүктөрү      ж.б.у.с    айырмачылыктарды   көрсөтүп   беришти.

Кудайбердиева     Арзыкан   “Математикалык  карта   оюну”   деген   сабак  өттү. Сабакта    окуучулар    математикалык      логикалык     табышмактарга, суроолорго     жооп   берип   жатышты.Ошондой   эле   окуучулардын    татаал   жана    жөнөкөй    маселелерди      чыгара  ала  тургандарын   байкадык.

Бирназар   кызы  Алтынай   түрк  тили  боюнча   “Жаңы  бир  дүйнө”   аттуу  сабак  өттү . Бул   ийримдин   ачылганына    азгана     убакыт   болгону   менен   окуучулар   түрк   тилде  сүйлөп, түшүнүшүп   калгандыгы   байкалды.

Тарых    мугалими    Сабитакунова  Тамара   ”Жаш  тарыхчы”    деген   темада   сабак  өттү. Тарых –  тактыкты  сүйөт   дегендей,  окуучулар   тарыхый   даталарды,  жылдарды,  байыркы    шаймандардын     аттарын     оюн    аркылуу     чагылдырып  айтып   бере  алышты.

    “ Туулган   күн  өткөрүүдөгү   идеялар”   аттуу   класстан  тышкаркы   сабакты   немец   тилинин    мугалими  Асанакунова  Эльзат     көсөттү. Сабакта  немец  элинин   туулган   күн   өткөрүү    маданиятын     чагылдырып   ачып    бере  алды. Сабакта  окуучулар   сүйлөмдөрдү   окуп, которуп, айтып  берип  жатышты.

Ушул  эле  күнү   “Мен  апамды   жакшы   көрөм”    деген  темада    Жолдошбекова    Эльвина     англис   тилинен   сабак     өтүп,  окуучулардын   канчалык деңгээлде    апасын   сыйлаш   керек     экендиги   жана   ошондой   эле  сыйлай    алыша   тургандыгы    туралуу  ыр-бий  аркылуу    даңазалап   беришти.

Усупбекова   Жибек  “Эр  жигит “    деп   аталган    ийрим     тобу    менен     шаардык,  райондук   кароо   сынактарга   катышышып  байгелүү   орундарга   ээ  болушту.

Жабылышы    10- февралда   тикмечилик     боюнча     ийрим   мугалими    Жолдошева   Айгүл   жумалыктын    жабылышын    чакан   концерттин  коштоосунда,  ошондой   эле    окуучулар    өз    колдору     менен     жасалган   буюмдарды,  чакан жарманке  уюштурушуп, ийгиликтүү    жапты. Кошумчалап    айтакетсем    өтүлгөн    сабактарда   баардык    мугалимдер    ноутбук, заманбап     техникалык    каражаттарды    колдонуп    өтүштү.

Март      айында    да     көптөгөн      иш    чаралар     болуп   өттү. Мисалы      “Ак  калпак ”   күнү. Ушул   күнгө     улуттун      сыймыгы    болгон    “ Ак   калпактын”    ордун      даңазазалоого    ийрим   мугалими    Жолдошева    Айгүл   эженин    кол   эмгегинен     жаралган      бийиктиги   1 метр, радиусу   0,41    метр  болгон    чоң   калпакты    жана  тууну    ак    калпакчан     9, 10, 11,   класстын    окуучулары   Кара –Жыгач   конушунда    атайын    белгиленген    маршут   менен  атайын     жөө    жүрүш     жазашты. Бул  жүрүштө      улуттун   сыймыгы   болгон    “ Ак    калпакты “   даңазалашты.  Көпчүлүктүн    көңүлүн     өздөрүнө    буруу  менен    жаш   жеткинчектерди     улутчулдукка,  мекенчилдикке, ата  мекенди   сүйүүгө    тарбиялоодо    өз   максатына    жетти.

Ошондой    эле     дагы   деле  болсо, уз  кыздар   ийриминин    мугалими  Жолдошева     Айгүл   эженини    колунан    оролгон     нукура    кыргыз   элечектери   менен    “Беш   бармак “     рекорд    иш   чараны   өткөрүүдө   да  ийрим   мугалимдери    өз  активдүүлүктөрүн    көрсөтүп, салымдарын   кошуп   келишти.

Кошумчалап    кетсек   21 –  мартта     ” Кыргызстан  обондору”   радиосу   тарабынан    уюштурулган  “Улуттук    боорсок “  рекордуна   да  катышып, өз  салымыбызды  коштук. Бул   саамалыкка    катышкан    10- команданын   ичинен   4- орунду  багындырып, сыйлуу   белектерге   ээ  болуп   жемиштүү     кайттык.

Ошону  менен  катар  эле  “Мен  кыргызстандыкмын”   деген  темада    окуучулар  арасындагы   сынакта   вокал   жана   бий  ийримине    катышкан   окуучуларды  жетекчилери  алып   барышып    райондук   кароо  сынактан ,  шаардык   кароо   сынакка   тандалып   алынышкан.  Ал  сынактан   вокал  ийримине   катышкан   8- Г класстын   окуучусу  Анарбеков   Алмаз       III  орунду    багындырган. Орун  алган  окуучуларыбыздан   атасак   Бектурсун  кызы  Эльмира  8-Г класстын  окуучусу  “ тогуз коргоол”  кароо сынактан   күмүш  медалга   ээ  болгон.Жетекчиси  Жигитаалы  уулу Талантбек.

 

Май  айы   майрамдарга    бай  айлардын    катарына   кирет  эмеспи.   Майрамдар  менен     катар   эле   14-майда  “оличниктердин  слету “    болуп   өттү. Бул  слеттун    ачылышынан  жабылышына  чейин   көрүүчүлөр  жана   коноктор  үчүн   ийрим  жетекчилери  окуучулары  менен    консерттик    программанын   негизинде  иштерин  көрсөтө     алышты. Мисалга   алсак   бий, немец  тили,   англис  тилине    ошондой   эле  драм   кружогуна   катышкан   балдардын  өнөрлөрүнө   күбө   болдук. Бийчилер    бийлешсе, тилчилер   чет  тилче   ырдашты. Ал  эми  драм  кружогундагылар  Чынгыз  Айтматов   агабыздын    калемине  таандык  “Ак кеме”,    “Эрте келген  турналар”,   “ Биринчи  мугалим “   чынармаларынан

25-майда  акыркы  коңгуроо  иш  чарасында  “Санат”   комузчулар   ансамбли   жана    “Оймо “  бий  тобу    катышуучуларды   куттуктоо    иретинде   чыгармаларын  көрсөтө  алышты.Ошону  менен   катар  эле   “Алтын  балалык”   мектептеги   боло турган   жайкы  лагерь    ачылышына  дагы  “Санат”  комузчулар     ансамбли   өз  салымын    кошушуп   чыгармаларынан    аткарып  беришти.

Мектеп  окуучуларынын ата-энелери  тарабынан  жайкы  эс  алуусу  туурасында  маалымат алынды.Окуу тарбия  иштери  боюнча  пландалган иштердин  бардыгы  өткөрүлдү.  Мектеп  ремонту  ийгиликтүү ,өз убагында  бүттү деп  ойлойм.  Мектеп  окуучулары  келечекте  биздин  кылымдын татыктуу  кадрларынан  болушуна  мектеп  администрациясы   көмөк  көрсөтө  бермекчибиз  жана  жаңы окуу жылына  коюла  турган  максаттар  төмөнкүлөр:

1.Кылмыштуулукту болтурбоо  иш-чараларын күчөтүү.

2.Ата-энелер  менен  тыгыз  байланышта  болуу.

3.Укуктук  тарбия берүү  боюнча инновациялык  методдорду  колдонуу.

  1. Мектептин  материалдык –техникалык  базасын  чыңдоо.
  2. Мектептин  ички  жана  сырткы  тазалыгын сактоо.
  3. Мектептин  сырткы  бөлүгүнө капиталдык  ремонт өткөрүү.

7.Класстык  бөлмөлөрдү  ,мебель  менен касыздоо.

  1. 8. «Кыздар кеңешинин»  ишин  күчөтүү, «Тобокел»  тобундагы  балдардын  ата-

энелери  менен  тыгыз  байланышты  болуу  жана алардын санын азайтуу.

9.Мектептин   материалдык  техникалык базасын   чыңдоо үчүн  гранттар менен  иш алып баруу.

 

«Жаш Канат» өзүн-өзү башкаруу парламентинин түзүлгөн күнү : 01.02.2012

Тарбиялык иштер

«Жаш Канат»  өзүн-өзү башкаруу парламентинин өзүнүн Гимни,Герби,Флагы, структурасы бар

Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер

«Жаш Канат» парламентинин президенти 10 Б -классынын окуучусу Талантов Руслан

Тарбиялык иштер

Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер

«Жаш Канат» парламенти жыл сайын жашылдандыруу, тазалык иштери боюнча бир топ алгылыктуу иштерди кылышат. Сентябрь айы саламаттыкты сактоо министирлиги мектептин айланасын, кабинеттердин тазалыгын текшерип турушат.

Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер

Мектептин уюштуруучулары менен бирдикте ар кандай класстан сырткары иш-чараларга катышып келишет

Жаш өспүрүмдөр менен иштөө жана милициянын жаш жолдошу, ошондой эле парламенттин мучөлөрү райондук деңгээлде өткөрүлгөн «Жарандык коргоо» күнүндө өз активдүүлүктөрүн көрсөтүштү.

Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер

«Карылар күнүн” өткөрүүдө парламент мүчөлөрү Бишкек шаарындагы карылар үйүнө азын-оолак белек-бечкек жана концерттик программа менен барышып, аз да болсо көңүлдүү маанай тартуулап келишти

Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер

Бүткүл дүйнөлүк инвалиддер күнүнө карата мектепте концерттик программанын коштоосунда  мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга эстеликке белектерди тапшырышып, улуттук онкологиялык борборундагы балдар бөлүмүндө дарылынып жаткан балдарга да барууга үлгүрүштү

Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер Тарбиялык иштер

«Жаш Канат» парламентинин лидерлери райондук, шаардык, мектеп аралык семинарларга,тегерек столдорго, тренингдерге байма-бай катышып ,тажрыйба топтоп турушат.

Тарбиялык иштер  Тарбиялык иштер