Урматтуу ата-энелер!
Баарыңыздарды кирип келген Жаңы Жылыңыздар менен куттуктайм! 2017-2018-окуу жылында “Алинур” КБ Сиздердин колдооңуздар менен мектептин көптөгөн маселелерин чечүүгө жардам берди. Эми 2018-жылдын январь айынан декабрь айына чейинки 1 жылдык отчетуна көңүлүңүздөрдү бурсак:
Бир жылдын ичинде баардык чогулган сумма- 746650с.
Банкта 52800с. Мунун ичинен 753214с чыгымдалды.
Озүңүздөр билгендей күзөт кызматы “Алинур” КБсинин эсебинен каржыланат. Бир жылда күзөт кызматына- 150000с төлөнүп берилди.
Мындан сырткары чарба буюмдары, кеңсе товарлары, эмеректер жана жууп-тазалоочу каражаттар алынды.
Сантехника, электро-товарлар, өрт өчүрүүчү приборлор, спорт буюмдары дагы биздин фонддун акчасына алынынп келинди. Мектепке ачылган сайтка “Алинур “ КБсинин эсебинен 14200с которулду.
Суроо: – Мектепке кандай эмеректер алынды жана алынган эмеректер “Алинур” КБнин эсебинен каржыланып жатабы?
Жооп: – Биздин мектепке 2018-жылдын эсебинен парта, стол, стул, доска, компьютерлер жана актовый залга трибуна алынды. Бул эмеректерге жалпы суммасы – 154380с коротулду. Бул акча толугу менен “Алинур” КБ тарабынан каржыланды.
Мындан сырткары “Алинур” КБ ар бир ай сайын социалдык фондко жана Салык инспекциясына отчет берип, мүчөлүк акылары төлөнүп турат. Ар бир айдын аягында чогултурулган акча жана келтирилген чыгым боюнча отчет тактага илинет.
Бул болуп жаткан ийгиликтердин бардыгы Сиздердин жардамыңыздардын аркасында деп билебиз жана Сиздерге чоң ыраазычылык билдиребиз.
2018-жылдын январь айынан декабрь айына чейин.
Чогулган сумма: 746650 с
Банкта: 52800с
Чыгымдалды: 753214с
№ | Керектелген | Сумма |
1 | Күзөт кызматы | 150 000с |
2 | Чарба буюмдары | 40 920с |
3 | Эмеректер | 154 380с |
4 | Ремонт иштери | 103 195с |
5 | Кеңсе товарлары | 44 208с |
6 | Жууп-тазалоочу каражаттар | 18 970с |
7 | Жол кире (иш-чараларга) | 5600с |
8 | Электро-товарлар | 18 540с |
9 | Сантехникалык буюмдар | 10 820с |
10 | Сайт | 14 200с |
11 | Өрт өчурүүчү каражат | 24 300с |
12 | Спорт товарлары | 6600с |
13 | Эмгек акы | 91 920с |
14 | Соц фонд | 19 235с |
15 | Салык | 10 640с |