№91 мектеп-гимназиясы Орто жалпы билим берүүчү №91 мектеп-гимназиясы

Усулдук кызматы

27-мартта № 91 мектеп-гимназиясынын  «Мамлекеттик стандарттын негизинде билим берүүдө компетенттүүлүктүн таасири» темасында
№ 2 пед кеӊешмесинде  башталгыч классынын методисти
Темирова Гүлбарчын Чукуевна « Жылдын төрт  уулу» темасында семинар
сабак өттү. Мугалимдер кызыгуу менен активдүү катышышты.
Аягында жалпы окуучулардын 3-чейректеги билим сапатынын
жыйынтыгы айтылып, мониторинги көрсөтүлдү.

Усулдук кызматы
Усулдук кызматыУсулдук кызматы Усулдук кызматы Усулдук кызматы Усулдук кызматы

Мектептин методикалык иштерин башкаруу жана ишке ашыруу

Мектепте төмөнкү командалар иш алып барат:

  1. Педагогикалык кеңеш
  2. Усулдук кеңеш
  3. Предметтик усулдук бирикмелер
  4. Камсыздоо боюнча ата-энелер кеңеши

Ар бир бөлүм бекитилген иш план менен жыл бою иш алып барышат жана ал иштердин жыйынтыгы мектептин педагогикалык, усулдук кеңешинде, директор алдындагы кеңешмеде, өндүрүштүк кеңешмеде каралат. Бардык иштерге протоколдор жазылат.

Мектепте 8 усулдук бирикме бар.

  1. Башталгыч класстар УБ –                 жетекчиси  Мамбетова К.Э
  2. Кыргыз тили жана адабияты УБ – жетекчиси  Мамбеталиева А.М.
  3. Орус тили жана адабияты УБ – жетекчиси  Курманалиева А.Дж.
  4. Чет тили(англис) УБ – жетекчиси  Кыдырбаева С.С.
  5. Так илимдер УБ- жетекчиси  Сыдыкова Н.Ж.
  6. Табигый илимдер УБ- жетекчиси  Жумагазы уулу Баяз
  7. Эстетика жана дене тарбия УБ- жетекчиси  Өзүбекова А.А.
  8. Эстетикалык цикли – жетекчиси  Шайлообек кызы Анархан

Методикалык ишти пландаштырууда  педагогикалык жамаат  мектептин өнүгүүсүнө шарт түзгөн формаларды тандоого аракет кылды.

Мектепте түзүлгөн методикалык кеңештин иш планы мектептин методикалык темасына ылайык түзүлгөн. Методикалык кенештин тобу төмөнкү мугалимдер: мектеп кеңешинин төрайымы, мектеп директору Чекирова А.Б., окуу бөлүм башчысы Токсобаева М.П., МУБ башчысы Бакеева Р.Ш., башталгыч класстар боюнча окуу бөлүм башчысы Ажыбаева  С,  так илимдер УБнин жетекчиси Турдалиева А.Т. ,  география мугалими Осмонова Б.К, башталгыч класс мугалими Мамбетова К.Э.

Усулдук бирикмеде ар дайым сабактын эффективдүү өтүлүшүн көздөгөн , көйгөйлүу маселелерди чечкен, жетишпеген окуучуларга көңүл

бурган иш-чаралар өтүп турат.

Мугалимдердин педагогикалык чеберчилигин жогорулатууда, бүткүл  мектептин иштөө системасын бириктирип турган бул- методикалык иштер. Методикалык иштин натыйжасында  ар бир предметтик мугалимдин чеберчилиги өсөт, себеби замандын талабына ылайык көптөгөн жаңы технологиялар жаңы методикаларды алып келди. Алар балдарга  сапаттуу билим берүүдө жакшы өбөлгө түзөт. Мугалим өз сабактарын илимдин негизинде жеткиликтүү кылып, башка предметтер менен байланыштырып, сабактарына анализ берип, жетишпеген жактарына көңүлүн буруп, оңдоо иштерин жүргүзүшөт.

 

Усулдук бирикме жетекчилери тарабынан жылдык иш пландар түзүлүп, ал пландар менен иш алып барылды. Планда төмөнкү суроолор  каралган:

  • Окуу –тарбия иштерин методикалык ыкмаларды колдонуу менен жүргүзүү
  • жаңыча ыкмаларды колдонуу
  • предметтик жумалыктарды өткөрүү
  • мугалимдин кесиптик тажрыйбаларын иликтөө ,ар бир мугалимдин өз предмети боюнча чыгармачылык
  • потенциалын өнүктүрүү
  • Окуучуларды мониторинг аркылуу байкоо жүргүзүү
  • Башталгыч класстын ортоңку баскычка өтүшү

Мектептин усулдук   кеңешмелеринде нормативдик иш-кагаздар менен таанышууга өзгөчө көңул бурулду.

 

 

Ар бир УБ нин усулдук темалары такталып, анын негизинде иш алып барылды , андан тышкары ар бир мугалимдин өз алдынча усулдук темалары бекитилген.

 

УБнин аталышыУсулдук тема
1Кыргыз тили ж-а адабияты УБЭлдик педагогиканын негизинде окуучуларды кыргыз тили жана адабияты сабагына кызыктыруу, өз эне тилинде эркин,так, сүйлөөгө жана эне  тилиндеги баалуулуктарды арттыруу менен окуучулардын интеллектуалдык деңгээлин   жогорулатуу
2Орус тили ж-а адабияты УБФормирование коммуникативной компетенции учителя и учащихся как средство повышения качества образования
3Табигый илимдер УБОкуучуларды окутууда инновациялык ыкмаларды колдонуу менен билим деңгээлин жогорулатуу”
4Так илимдер УБ“Окуу – тарбия ишинде окуучулардын өз алдынча иштөөлөрүнүн негизинде билим сапатын жогорулатуу”
5Эстетика ж-а дене тарбия УБ“Окуучулардын  өз алдынча жөндөмдүүлүгүн арттыруу менен интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу”
6Чет тилдер УБОкуучулардын сүйлөө речин  заманбап методиканын негизинде өркүндөтүү
7Башталгыч класстар УБ“Окуу-тарбия ишинде улуттук педагогиканын негизинде окуучулардын билим сапатын жогорулатуу”
8Ийримдер УБ“Окуучулардын чыгармачылыгын, предметке болгон кызыгуусун арттыруу менен жөндөмдүүлүгүн өстүрүү

 

Усулдук бирикменин темасынын негизинде ар бир  усулдук бирикменин мүчөлөрүнүн методикалык темалары бар. Жыл жыйынтыгы менен алар методикалык темасынын үстүндө кандай иштер иштелгени боюнча отчёт беришет.

Салт болуп калган көрүнүштөрдүн бири- бул предмет жумалыктары. Жылдык  иш пландын  негизинде  жумалыктардын  өтүлүү графиги түзүлүп бекитилди.


 

УБ нин жумалыктарынын өтүлүшүнүн графиги:

 

        УБнин аталышыМөөнөтүЖумалыктын аталышы

 

 1Так илимдер  УБоктябрь“ Информатика   технологиянын,  математика тактыктын, физика  кубулуштун булактары ”
2Башталгыч класстар УБноябрь“  Билим кени – китеп,  Тарбия кени – мектеп”
3Кыргыз тили жана адабияты УБ декабрь“Кылым мурасы – кыргыз адабиятында”
4Эстетикалык циклянварь“ Поэзия кечеси”
5Чет тилдер УБфевраль“ Кышкы пейзаж”
6Эстетика жана дене тарбия УБмарт“ Математика , физика, информатика – өнүгүүнүн башаты”
7Орус тили жана адабияты УБапрель“ Великому писателю – 90 лет”
8Табигый илимдер УБмай“ Интеграцияланган сабактар”(лабиринт,коктейлдердин таймашы ж.б.)

 

 

Предметтик жумалык   2017-2018- окуу жылы боюнча так илимдер усулдук бирикмесинен  башталды. Жумалык 5.10.2017-ж  ачылды.

Жумалыктын темасы: Информатика технологиянын, математика тактыктын , физика кубулуштун булактары.

Информатика мугалими Бектурган уулу Канимет  информатика сабагы боюнча “Акыл ордо” интеллектуалдык оюн өткөрдү, ал оюн  3 тур менен  өтүлдү.

1-тур  жалпы предметтерден суроо – жооп

2-туру информатика сабагынан  суроо – жооп

3-туру финал, математика, информатика, физика  сабагынан логикалык суроолор. Жыйынтыгында жеңүүчүгө 500сомдук сертификат берилди.

“Акыл-ордо” интеллектуалдык оюнда  окуучулардын активдүүлүгү артып, өз ара кызматташуулары жогорулады.  Ар бир окуучу өз билимин, шыгын, жөндөмүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алды.  Окуучулардын сынчыл ой-жүгүртүүсү калыптанды.  Бектурган уулу Канимет интерактивдүү доска менен кызыктуу  материалдардарды көбүрөөк пайдаланып өттү.

Физика сабагы боюнча “Электр тогу турмуштамугалими Дайырбек к Махабат 10.10.2017-ж 9-класстар арасында өтүлдү.

Физикалык кече менен башталып, конкурс – сабак менен бүттү.

«Электр тогу турмушта» конкурс –сабак 7 тур менен өтулдү

  • 1-туру саламдашуу
  • 2-туру команданы жактоо
  • 3-туру сатиралык сценка “Электр тогу турмушта”
  • 4-туру Физиктер-лириктер (ырлар)
  • 5-туру Физикалык лото- оюну
  • 6-туру Физикалык табышмактар
  • 7-туру Суроо -жооп оюну

Конкурс- сабакка окуучулар  активдүү катышышты. Мындай ыкмаларды пайдаланып өтүүдө  окуучулар өздөрүн эркин сезишет. Окуучулар маалымат эле албастан, жаңы идеяларды иштеп чыгышты. Сабак көрсөтмөлүү, жаңы технологиялар менен өтүлдү.Окуучулар ойлоно турган  логикалык суроолорго бай. Дайырбек к Махабаттын бул сабагы максатына жетти. Активдүү катышкан окуучулар белектер менен сыйланышты.

    Информатика сабагы боюнча  9-класстар арасында «Билерман» конкурс-сабак  12.10.2017-ж информатика мугалими Абдыбекова Назира жогорку деңгээлде өттү.

«Билерман» 4 турдан болду

  • 1-тур: Эки командага суроо- жооп
  • 2-тур: Сүрөттөр менен иштөө
  • 3-тур: Жеке компьютерден иштөө
  • 4-тур: Чачылган системалык блоктун тетиктерин жыйноо.

Чакан топто иштөө – окутуунун интерактивдүү ыкмасынын маанилүү бөлугү болуп эсептелет. Мындай ыкманы колдонуу окуучуларга өз ара кайчы пикирлерди  чечүүгө пайда берет. Окуучулар өз ой жүгүртүүлөрүн турмуштан алынган тажрыйбаларынан,окуган китептеринен,газета-журналдардан, теле-радиодон алынган маалыматтары менен байытып, аларды топто иштөөдө пайдаланды.Сабак кызыктуу болуп,максатына жетти. Абдыбекова Назира өз предметин мыкты билген мугалимдердин катарында. Активдүү катышкан окуучулар белектер менен сыйланышты.

Математика сабагы боюнча «сабак -викторина”  17.10.2017-ж өтулдү. Математика мугалимдери Сыдыкова Н.Ж жанаТурдалиева А.Т

так илимдер жумалыгын жабышты.

«Викторина-сабак» 3 тур менен өттү

  • 1-тур: Саламдашуу
  • 2-тур: Математикалык табышмактар
  • 3-тур: Жаңылмачтар
  • 4-тур: Фокустар
  • 5-тур: Математикалык викторина
  • 6-тур: Кубик чогултуу конкурсу
  • 7-тур: Кызыктуу маалыматтар слайддар аркылуу суроо-жооп

 

“Акыл чабуулу” – интерактивдүү  ыкма колдонулду. Викторина-сабак тема боюнча билген нерселерин активдештирүүгө кызыкчылыкты туудурууга жана алдыда турган материалды үйрөнүүнүн максаттарын аныктоого багытталды. Топтор аралык таймашта окуучулардын жоопкерчилик сезими калыптандырылат,бири-биринен үйрөнүүгө шарт түзүлдү.Окуучу менен окуучунун жана окуучулар менен мугалимдин ортосунда кызматташтык пайда болду. Мектептин алдыңкы, тажрыйбалуу  мугалимдери Сыдыкова Н.Ж., Турдалиева А.Т. өтө чоң эмгек талап кылгандары  көрүнүп турду. Активдүү катышкан окуучулар грамоталар  менен сыйланышты.

Так илимдер УБнин жумалыгынын жабылышы “Жарык –физика, акыл –математика,технология – информатика –жашоо талабы ”деген теманы ураан катары тандап алышкан. “Планеталар парады” 7-Д класс менен бирдикте өтүлдү.Күн ж.б. планеталар жөнүндө кызыктуу маалыматтар айтылды. Доскадагы планеталардын астында логикалык  суроолор катылган. Мисалы: Эмне күйбөйт ,чөкпөйт дагы? (муз) . Эмне тоого да барат, үйгө да барат, жолдо да калат? ( жол). Саат алты, сутканын канча бөлүгүн түзөт? (4/1)  Планеталар парады бий аткарылды.

7-Г класс “Математикалык КВН” “Фигуралар”, ”Эйнштейн”деген 2 топко бөлүндү.

  • Саламдашуу( плакат жактоо)
  • Ыр саптарын ула.
  • Математикалык макал-лакап
  • Логогриф
  • Табышмак
  • Математикалык домино
  • Шарада
  • Таблица
  • Суроо-жооп

Жыйынтыгында “Фигуралар”тобу жеңишке 54 упай менен жеңишке жетишти.Окуучулардын эсинде калгыдай интеллектуалдык деңгээлди жогорулаткан сабактарга жык толгон жумалык догорку деңгээлде өтүлдү  деп табылды.

Башталгыч класстар усулдук бирикмеси жумалыкты ” Тарбия кени –мектеп, Билим кени-китеп” деген тема менен 20.11.2017-ж – 30.11.2017-ж өткөрүштү. Жумалыктын ачылышында 1-класстар  мектеп босогосун аттагандан баштап алган билимдерин,  таалим тарбияларын ыр-бий менен камтып көрсөтүштү.

          “Китеп –биздин досубуз” деген темада класстан тышкаркы сабак  2-класстар бирдикте  өтүштү. Мугалимдери Эргешпаева А, Токонова А, Жеңишбек кызы С, Андабекова Г, Шабданбекова С. Окуучулар  патриоттук эстетикалык сезимин тереңдетүүдө китептин эбегейсиз ролун, китеп эмнеден жасалаарын, анын келип чыгыш тарыхын, ал билим булагы экендигин, аны баалай сактай билүүгө жана аяр мамиле жасоого үйрөтөөрүн макалдар,  ырлар жана кызыктуу маалыматтар  аркылуу айтып бкришти .“Китеп жана компьютер”, “Жыл жана анын төрт уулу” жомок жана “Бактылуу китеп” сахналаштырылып сценка коюлду.  Китеп жөнүндө  В.Г. Белинскийдин, Д.Дидро,  А.Навои, В.Шекспир,И.А.Каменский, М.Горькийдин айткан сөздөрүн көркөм айтышты.

         ”Келгиле окуйбуз” долбоорунун негизинде “Акыл-ойго жеткирет”  конкурс –сабакты 4-Б класска  ата-энелердин катышуусунда Темирова Г сынак- сабак өттү. Мында эмгектенүү маданиятынын калыптанышына камкордук көрүү, окуучулардын китепке, илимге, эмгекке болгон сүйүүсүн ойготуу, алган билим-тарбияны турмушка пайдалана билүүгө багыттады. Өзгөчө тапшырмасы логикалык суроолордон түзүлгөн   “Ким баамчыл” деген тапшырмасы болду.Жыйынтыгында “Акыл” тобу жана “Билим”тобу 12 балл менен жеңишке жетишти.

         “Мой класс” 4-Д орус тилдүү класс мугалими Алиева М.М. Сабактын планы системалаштырылган эмес. Окуучулар “Мыкты досум “ деген темада дил баян жазышкан. Класстын ынтымагы , жетишкендиктери жөнүндө  окуучулар өздөрү сүйлөп беришти. Окуучулардын аракети бар. Мугалим тараптан  окуучулардын  сүйлөө кеби оңдолбогону билинди. Туура жана так сүйлөөсүнүн үстүндө иш жүргүзүү сунушу айтылды.

         “Суу өмур булагы” 4-Г класс  мугалими Рысбек к Нурай  Окуучуларга суунун  касиеттерин, мисалы,  төрөлгөндө таза сууга жуунуу, көз жумганда таза сууга алынуу, узак сапардан келген адамдын башына суу айландырып чачуу, отуз күндүк орозону суу менен ачуу, агын суунун жээгинде басуу ал нерв ооруларына пайдалуу экендиги тууралуу кызыктуу маалыматтар слайддан көрсөтүлүп айтылды. Окуучулар жаратылыштын байлыгы болгон суунун  жашоодогу маанисин  жана аны кордобой, үнөмдүү пайдалануу керектиги жөнүндө ырларды, макалдарды көркөм айтышты.Мугалим окуучулар менен бирдикте  суунун физикалык  касиеттерин байкоо жүргүзүү үчүн практика түрүндө мастер –класс өттү.  Сабак кызыктуу өтүлдү.                                                                       

        “Менин мекеним Кыргызстан” 2-А, 2-Б класс мугалимдери Эргешпаева А, Бегалиева Г.Ф. интеграцияланган сабак Өтүлгөн ачык сабакта  окуучуларды табигат мене таттуу мамиледе  болууга, экологиялык маселелер менен күрөшүүгө адамдардын бири-бирине мамиле түзө билүүсүнө, окуучуну айлана-чөйрө, коом менен тыгыз байланыштырганга тарбиялады.Башталгыч класстар боюнча биринчи жолу интеграцияланган сабак өтүлдү.

Бирге окуйбуз долбоорунун негизинде” “Билим дүйнөсүнө саякат” 2-Г класс Жеңишбек к Салтанат ата-энелери менен бирдикте конкурс-сабак жогорку деңгээлде өттү. Слайд аркылуу тапшырмалар берилди. Тапшырмалар  окуучулар жана ата-энелер ойлоно тургандай логикалык жактан да кызыктуу түзүлгөн.

   1-бөлүм

  • “Жылан менен куркулдай” жомоктон суроо
  • “Өзүнүкү жана өзгөнүкү” С.Рысбаев
  • Кыргызстан биз үчүн эмне?
  • Улуттук кийимдер
  • Улуттук тамак-аштар, суусундуктар
  • Кыргызстандын Туусу, Герби, Гимни

2-бөлүм

  • Айбанаттардын талашы. Доскадагы жабыштырылган гүлдөрдү алышат. Алардын артында суроолор бар, ошол суроолордун негизинде сценка аткарышат

3-бөлүм

  • Геометриялык фигуралар
  • Логикалык суроолор

4-бөлүм

  • А-3 формат кагазына ата-энелер сүрөт тартышат, балдары презентациялашат.
  • Акча бирдиктериндеги кайсы инсандын сүрөтү,ал жөнүндө айтып бер.

5-бөлүм

  • Сүрөт менен иштөө (сүрөттө эмне катылган?)

Окуучулар да, ата-энелер да активдүү катышты.  Сабак окуучуларды  өз алдынча ой жүгүрткөнгө, ата-эненсинин оюн  угуп, баарлашканга, талкууларды уюштурганга, сөз байлыгын өстүрүп, дүйнө таанымын кеңейткенге жардам берди. Жыйынтыгында ар бир туура жоопко берилген  медалдар саналды. Жеңүүчү ата-энеге да ,окуучуга да белектер берилди.

         3-Е класс орус тилинде окутулган класс “Муха цокотуха” жомок-сабак мугалим Каныбекова А.К. 

        Башталгыч класстын мугалими Каныбекова Алия бул сабакты өтүү планын жакшы системалаштырган. Эмгектенүү маданиятынын калыптанышына камкордук көрүү, окуучулардын эмгекке болгон сүйүүсүн ойготуу, өзүнүн көңүлүнө жаккан ишин, эмгекти турмушка  пайдалана билүүгө багыттады.    Сабак көсөтмөлүү, темага ылайык сүрөттөр, көрсөтмө куралдарга бай жана ар бир каармандын костюму өзгөчө болуп, образды ачып берүүгө жардам берди.Окуучулардын аткарган ролдору боюнча артисттик шык баарынын көңүлүн бурду.Көркөм ырды туура айтууда кемчиликтер байкалды. Катышуучулар тарабынан пикирлер, сунуштар айтылды.

       3-класстар “Жолдо жүрсөң сак бол,эрежеге так бол”тарбиялык саат мугалимдери Байсабаева Н, Токонова А, Бедиярова Г Сабактын жабдылышында  жолдо жүрүү эрежелери боюнча сүрөттөр, жол белгилердин макети,  светофордун макети, машина,мотоцикл, милиционердин костюму окуучуларга өзгөчө таасир калтырды.                                                                                                                                                                                                                                                 “Укпасбектин жоругу” сахналаштырылган сценка коюлду. Окуучулар жолдо жүрүү эрежелерин сөзсүз сактоо керектигин, чоң көчөдөгү тынымсыз өткөн  автомоблдерден, автобустардан этият болуу керектиги жөнүндө түшүнуштү.

       3-А, 3-В класстар “Кыргызстан тоолордун мекени” Токталиева А.М., Ажыбаева С. жумалыктын жабылышында окуучулардын манас айтуусу, көркөм айткан ырлары, обондуу ырлары, макалдар, кыргыз бийлери    окуучулардын аң-сезимин ойготуп, Ата Журтун сүйүүгө, Ата Мекен жөнүндөгү түшүнүгүн бекемдөөгө , окуучулардын толерантуулук рухун да тарбиялоого шык берди. Алып баруучулар Эсенбекова Адинай жана Даниел тартынбай өз ойлорун, ырларын эркин айтууга жетишишти. Кече окуучулардын  өз мекенин сүйүүгө, аны көздүн карегиндей сактоого,патриоттуу болууга багытталды.

       Ийримдер жумалыгы 24.01.18.- 10.02.18 “Поэзия кечеси”деген темада ачылды.   Улуу акын Алыкул Осмоновдун -103 жылдыгына карата акыныбыздын ырларынын маани-маңызын ачып берүү үчүн драм- ийриминде катышкан окуучулардын кыймыл- аракет, мимикалар, дикциялар  менен көркөм ыр айтуусу мактоого арзырлык болду.  Экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен уюштурулган долбоор сабакка келген меймандар окуучулардын  чеберчилигин жактырышып, Т.Сатылганов атындагы филармонияга “Буулуккан булуттар” аттуу поэзия кечесине чакырылышты. Мында драм ийриминин жетекчиси Бостонов Өмүрбек  окуучуларды чыгармачылыкка шыктандырып, сахнанын сырларын үйрөтүү максатына жете алды.

       08.02.2018-ж кытай тилинин мугалими Асаналиева Калбүбү”Кытай жаңы жылы” аттуу темада класстан тышкары ачык  сабак өттү.Сабакта мугалим окуучулар менен бирдикте кытай элинин жаңы жылды өткөрүүдөгү өзгөчөлүктөрү, кытай элинин маданияты. салттары менен кыргыз элиникин салыштырып айырмачылыктарды окуучулар менен бирдикте көрсөттү. Ийримге катышкан окуучулардын сүйлөө кеби аркылуу кытай тилине кызыгаары байкалды. Мугалимдин көрсөтмө куралдар менен иштөөдөгү кемчиликтери айтылды.

        08.02.2018-ж Кудайбердиева Арзыкан “Математикалык карта оюну”деген темада сабак-оюн   өттү . Бул сабакта бирдей өчөмдө 5-10 го чейин  карточкалар дайындалган. Окуучулар карточкалардан мисал-маселелердин берилишин көрсөтүшпөйт. Экиден бөлүнүшүп ,каршылашы колдон  тизилген карточкадан бирди сууруп чыгып ,эсебин чыгарат. Оюн токтотулгандан кийин ким канча карточка топтогону  саналат.Мында окуучулар активдүү катышышты. Мындан башка сабакта окуучуларга  математикалык макал-лакаптар, логикалык  табышмактар, суроолор берилди. Маселе,мисалдар чыгарылды. Мугалим  менен окуучунун ишмердүүлүгү көрүндү.

09.02.2018-ж   Бирназар кызы Алтынай Түрк тили боюнча “Жаңы бир дүйнө” аттуу сабак өттү.  Сабактын планы  системалаштырылган. Окуучулар түрк элинин маданиятындагы өзгөчөлүктөрдү айтышты, окуучу кыздардын аткаруусунда түрк тилинде ыр ырдалды.  Адашкан тамгаларды бириктиришип,сөздөр  куралды.Окуучулар  кызыл, жашыл түстөгү тегерекчелер менен бааланды. Предмет аралык байланыш  география,сүрөт, музыка предметтери менен байланышты. Окуучулардын сөз байлыгына көңүл буруу сунушу айтылды.

      10.02.2018-ж Тарых мугалими Сабитакунова Тамара “Жаш тарыхчы”деген темада сабак өттү.Тарых тактыкты сүйөт дегендей окуучулар тарыхый даталарды, жылдарды, байыркы шаймандардын аттарын  оюн аркылуу чагылдырып айтып бере алышты. Окуучуларга жаңы материалдарды таап,  интернет булактарынан пайдаланып көп метериалды камтыган.

        09.12.2018-ж  “Туулган күн өткөрүүдөгү идеялар”аттуу класстан тышкары сабакты немец тилинин мугалими Асанакулова Эльзат өттү. Сабакта немец элинин туулган күн өткөрүү маданиятын чагылдырып бере алды.Сабакта окуучулар сүйлөмдөрдү окуп, которуп,айтып берип жатышты. Окуучунун туулган күнү өткөрүлүп, ага торт жана башка белектер берилди. Окуучуларды оюн аркылуу сөз байлыгын өстүрүүгө жетише алды.

       09.12.2018-ж  ”Мен апамды жакшы көрөм”деген темада Жолдошбекова Эльвина,  окуучулардын канчалык деңгээлде анлгис тилин өздөштүргөнү байкалды.Окуучулар апасын сыйлап ,жакшы көрүшөөрүн ыр-бий аркылуу даңазалап беришти. Сүйлөө кеби аркылуу алардын англис тилин сүйүп окууру байкалды. Интерактивдүүү ыкмалар колдонулду. Сабактын планы системалаштырылган.

      10.02.2018-ж “Саймачы кыздар” ийримдин жетекчиси м Жолдошева Айгүл жумалыктын жабылышын чакан концерттин коштоосунда өттү, окуучулар өз колдору менен жасалган буюмдары менен чакан жарманке уюштурулду. Ошондой эле кыздар мугалим менен бирдикте тиккен кийимдер менен мода көрсөтүштү.  Кошумчалап айта кетчү нерсе өтүлгөн сабактарда дээрлик бардык мугалимдер ноутбук,заманбап техникалык каражаттарды колдонуп өтүштү.

Кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмеси ” жумалыктын темасы “Кылым мурасы –кыргыз адабиятында “05.12.-15.0.12.2017-ж

Исмаилова А.Н. Мидин Алыбаевдин 100 жылдыгына арналган майрамдык адабий кече менен ачылды. .4-Д класс (окутуу орус тилинде) жана 5-6-класстар менен бирдикте М.Алыбаевдин өмүрү-чыгармачылыгы жөнүндө слайд аркылуу маалыматтар, көркөм ырлар айтылды.

Тажрыйбалуу мугалим Акбаева Д.Б. “4-декабрь – Манас күнүнө ”карата “Манас айтуу чоң өнөр” деген темада манасчылардын айтышы сынагын уюштуруп өткөрдү. Кеченин башында слайд аркылуу белгилүү манасчылардын өмүр таржымалы көрсөтүлүп, маалыматтар берилди. Андан соң сынак башталып, андагы карала турган критерийлер менен тааныштырылды, ага бардык класстардан таланттуулар катышты. Сынактын жыйынтыгы менен 6-Б класстын окуучусу Асанакунов Арслан, Эсенбеков Касиет жеңүүчү деп табылып райондук сынакка жолдомо алды. 1-класстын окуучусу мыкты деп табылып Гран-принин ээси болду

Кубанычбек кызы Чолпон “Алп акын Алыкулга таазим” класстан тышкаркы ачык сабак өттү. Алыкулдун образын чагылдырып, сахналаштырылган сценка аткарылды. Алыкул Осмоновдун ырлары көркөм айтылды,обондуу ырлары ырдалды.Слайд аркылуу Алыкулдун өмүр жолу жана музейи,  акча бирдиги, көчө, китепкана ж.б.көрсөтүлдү. Кече кызыктуу өтүлдү.

Абдрасулова А.К. “ Ж.Бөкөнбаевдин “ Ажал менен Ар-намыс” поэмасын сабак-сахна кылып өттү. Ар-намыс жана Ажалдын ролдорун 9-В класстын окуучулары аткарышты.Жыйынтыгында  окуучуларга суроо-жооп иретинде дискуссия жүргүзүлдү.

Назаркул кызы Гүлай ”Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов” деген темада адабий –кече өттү. Ч.Айтматовдун чыгармаларына саякат деген теманын алкагында макеттер, сүрөттөр, буклеттер, китептерден турган бурч уюштурулган. Мында 6-Г класстын окуучулары Ч.Айтматовдун “Ак кеме” чыгармасынан “Бугу-Эненин жомогунан” үзүндү аткарышты. С.Бейшекеевдин “Махабат дастаны” ыры ырдалып,  Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын образдары көрсөтүлдү.

Эсеналиева М.Т.  “ Айтматовдун ааламы” 9-Б класс менен бирдикте адабий –кече өткөрдү. Ч.Айтматовдун ”Саманчынын жолу” повестинен үзүндү аткарышты. Ч.Айтматовдун ааламына саякат жүргүзүлдү, чыгармаларынан көркөм айтылды. “Толгонайдын монологу”,”Майсалбектин монологу” жогорку деңгээлде аткарылды.

Осмонбекова М.С.  ”Даңктаймын, даңктай берем эне тилди”деген темада 5-В класс менен бирдикте адабий –кече өттү. Мамлекеттик тилибиз болгон кыргыз тилди даңазалаган ырлар ырдылды. Көркөм ыр, макал-лакаптар айтылды.

Мамбеталиева А.М. “Улут сыймыгы “Манас” эпосунда” Манасчылар жөнүндө маалыматтар слайд аркылуу берилди. Темага байланыштуу  буклеттер коюлуп, дубал газеталар, сүрөттөр илинди. Манасчылардын айтышы болду. Кыргыз тили, Манас, Чыңгыз – үч ыйык нерсенин байланышын чагылдырып беришти.

       Орус тили жана адабияты   бирикмесинин жумалыгы 29.03.2018-ж “Улуу жазуучу -90 жашта” деген тема менен ачылды.  Кечеде  Ч.Айтматовдун “Бугу-Эне “ жомогун 7-А класстын , 8-Д класстын, 5-Г класстын окуучуларынын аткаруусунда сахналаштырылган сценка коюлду. 5-В класстын окуучулары Ч.Айтматов жөнүндө ырларды көркөм окушту. Ошондой эле  музыкалык номерлер 8-Д класстын окуучуларынын аткаруусунда коштолду. Кечеде Ч.Айтматовдун портрети жана чыгармаларындагы каармандар чагылдырган баннер, боз үй, бугунун мүйүзү жана башка чыгарманы чагылдырган макеттер менен жабдылды.

Ч.Айтматов  “Канткенде адам уулу адам болот” Базарбаева Г.С. 8-А класс     класстан тышкаркы ачык  сабак 8-А класска өттү. Теманы окуучуларга ачып берүү үчүн Ч.Айтматовдун  чыгармаларындагы адамзаттын күн сайын канткенде Адам боло тургандыгы жөнүндө маселени коюп, дискуссия-сабак кылып өттү. Мурун дагы ,азыр дагы бул маселе актуалдуулугун жоготпой келгендиги тууралуу тушүндүрдү.Окуучулардын өз оюн ортого салып тартынбай айтууга, эркин ой жүгүртүүгө сабактын формасы  туура тандалган.

       Ч.Айтматов “Найман-Эне жана маңкурт” Абдраимова Г.Т. 8-Д класс Инсценировка коюшту. Окуучулар каармандардын образын ачууда артисттик чеберчилик  менен мыкты аткарып беришти. Сабакта чыгарманын негизги идеясынын үстүндө  окуучулар өз ойлорун көркөм айтып беришти. Жөнөкөй, бирок логикалуу жана ыраттуу сүйлөөгө аракет жасашты.

       “Эрте келген турналар” повести 7-А класс Саламатова Н.Ж. Чыгармадан тандалып алынган эпизоддордордон алып, жаш десанттардын балалык байо сезимдерин, жүрөгүнүн курчтугун, эч нерседен коркпогон тайманбастыгын көрсөтүп, окуучулар инсценировка коюшту.  Мугалим  окуучулардын  дикциясы, кыймыл-аракети , манералары  менен иштешкен. Кагаздан жасалган турналар фоэге илинип, өзгөчөлүктү жаратты.

       Табигый илимдер усулдук бирикмесинин жумалыгын  мугалимдери   Осмонова Б.К., Жумагазы уулу Б, Абдраманова М.А., Таалайбек к Н, Урпоева Р.Орозобекова Ү.О. ачышты

Бул усулдук бирикмеде көбүнчө өз ишин сүйгөн, талыкпай эмгектенген  жаштар иштегендиктен көп жаңы идеялар менен өзгөчө сабак өтүлөөрүн баса белгилей кетүү керек. Бул окуу жылында  жумалыктын ачылышын “Коктейлдер таймашы “ деп аталган интеграцияланган сабак болду.  Окуучулар топторго бөлүндү.   Бир нече түрдүү коктейлдер столдорго коюлуп,  аларды эмнеден жасалганын даам татуу (дигустация)жолу менен табуу тапшырмасы берилди.  Биология, география, тарых, химия предмет мугалимдери коктейл кайсы жер-жемиш же жашылчадан  жасалганын, анын  тарыхы,  составындагы витаминдер, кайсы өлкөдө өсөт, адам үчүн кандай пайдасы бар экендигин  айтып,  өтө кызыктуу маалымат менен түшүндүрүштү. Окуучулар менен бирдикте мастер-класс өтүштү. Бул сабакты өтүүдө окуучулардын  мурдагы материалдарды эске түшурүүсүнө шарт түзүлдү. Бир нерсени ар тараптуу билгенге мүмкүндүк ачылды. Окуучулардын илимий билими тереңдеди, кругозору кеңейди. Предметке болгон жалпы кызыгуусу артты.

      Токтоналиева Р.Э. тажрыйбалуу мугалим тарых предметинен долбоор сабак 8-класстар арасында өттү. “Россиянын саясий экономикалык өнүгүшүндөгү тийгизген таасири”жана “АКШ- ааламдаштыруу мезгилинде” деген темада сабак өтүлдү. Мында улуу саясий ишмерлер В.В.Путин жана Пётр I дин Россия үчүн кылган эмгектери жөнүндө айтылды. АКШнын президенттери тууралуу, алардын саясий ишмердүүлүгү , алардын атынан коюлган шаарлар,  акча бирдиги, машиналар тууралуу окуучулар изилдөө жолу менен слайд аркылуу айтып беришти. Айтылган пикирлери фактыга негизделди.   Долбоор сабак окуучулар үчүн пайдалуу, илимий –изилдөө жөндөмдүүлүгү жогорулайт.

Жумалыктын жабылышы” Лабиринт- оюн”  деп аталган интеграцияланган сабак. Лабиринт чийини класстын полуна чийилген, сандар, түстөр  көрсөтүлгөн. Ар бир түс мисалы жашыл түс -география, кызыл түс – тарых, сары түс- биология , көк түс химия предметтери боюнча түзүлгөн суроолор. Мында ар бир класстан катышуучу чыгып, берилген суроого так жооп берсе алдыга жылууга мүмкүндүк алат,жооп бере албай калса оюндан четтетилет. Окуучулар үчүн  абдан кызыгууну туудурду. Мындай сабактарда окуучулардын ассоциациалоо жөндөмдүүлүгү жогорулайт.

 

  • Олимпиаданын жыйынтыктары

 

Быйылкы окуу жылында  олимпиаданын 1-туру ( мектептик) 28-ноябрда болуп өттү. Анда 7-11-класстардын окуучулары: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, математика, физика, информатика, химия, биология, тарых жана география предметтеринен катышышты. Гуманитардык предметтер , так жана табигый илимдери предметтери боюнча  олимпиаданын тапшырмалары негизинен тест түрүндө жана тапшырмалардын варианттарын камтыган. Окуучулардын билими  баллдык система боюнча бааланды. Олимпиаданын жыйынтыгы жакшы: I орунду  –  32 ,  II  орунуд – 65 ,   III   орунду  – 72 окуучу ээледи.

Алдыңкы орунду ээлеген окуучулар салтанаттуу линейкада мектептин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Олимпиаданын 2-туру  (райондук)  №63 мектеп-гимназиясында 19-20-декабрда болуп өттү.  Токтомдун негизинде олимпиада 2 турда өткөрүлдү: 1-этап- теориялык, 2-этап – практикалык этап.   Мектептик олимпиаданын негизинде  олимпиаданын райондук (2-тур) туруна  катышууга 10-11-классынын  төмөнкү окуучулары жолдомо алышты:

А.А.АКласспредметмугалим
1Съезбеков Акынбек11аКыргыз тили жана адабиятыБакеева Р.Ш
2Шаршембиева Элина11аКыргыз тили жана адабиятыБакеева Р.Ш
3Нурбек уулу Рустам10аКыргыз тили жана адабиятыМамбеталиева А
4Азретова Махабат11аКыргыз тили жана адабиятыМамбеталиева А
5Есенкулова Гульнур11аОрус тили жана адабиятыТоксобаева М.П
6Смаилбекова Бегимай11аОрус тили жана адабиятыТоксобаева М.П
7Токтобекова Сезим11аОрус тили жана адабиятыКурманалиева А.Дж
8Алыбаев Сыргак11агеографияОсмонова Б.К
9Байболсунов Эргазы10бгеографияОсмонова Б.К
10Сталбекова Нурайым10бгеографияОсмонова Б.К
11Төрөбай кызы Гүлназ11абиологияТаалайбек к Назгул
12Темирбеков Даниел10ббиологияТаалайбек к Назгул
13Турарбек к Акылай10ббиологияТаалайбек к Назгул
14Минбаев Айдар10бматематикаСыдыкова Н
15Есенкулова Назима10аматематикаСыдыкова Н
16Акылбеков Ыйман11атарыхЖумагазы уулу Баяз
17Таалайбек уулу Калмырза10бтарыхЖумагазы уулу Баяз
18Мамбетова Айгерим11ахимияОрозобекова Ү
19Айталиева Акылай10бхимияОрозобекова У

 

 

 

 

 

Олимпиаданын II турунун (райондук)  жыйынтыгы:

 

Окуучунун аты-жөнүклассыордупредметимугалими
1Есенкулова Гульнур11-А кл1-орунОрус  тилиТоксобаева М.П.
2Турганбай Гульназ10-А кл3-орунОрус  тилиКурманалиева А. Дж
3Нурбек уулу Рустам10- А кл4-орунКыргыз тилиМамбеталиева А.М.

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаары боюнча предметтик олимпиада №72 мектепте 2 тур менен теоретикалык жана практикалык түрдө өтүлдү.

 

Окуучунун аты-жөнүклассыордупредметимугалими
1Есенкулова Гульнур11-А кл

 

3-орунОрус  тилиТоксобаева М.П.

 

 

 

Олимпиаданын жыйынтыгынан төмөндөгүдөй чечим чыгарса болот.

  • Окуучулардын алгачкы алган билимине көңүл бөлүш керек,айрыкча математика, физика, химия, чет тили сабактары боюнча
  • Бардык предметтик мугалимдер зээндүү окуучуларды олимпиадага даярдоону  өзгөчө кароо керек.
  • Зээндүү жана таланттуу окуучуга жекече план түзүп жоопкерчиликтүү даярдоо керек.

 


 

  • Жаш мугалимдер менен иштөө

Мектепте 15 жаш мугалим эмгектенет. Аларга насаатчылыкка педагогикалык тажрыйбасы бар, кесиптик даярдыгы жогорку

мугалимдер  бекитилген.

 

 

Насаатчы мугалимдерПредметиЖаш мугалимдерэскертүү
1 Чекирова А.матемтикаОрозобекова ҮмүтСтажы 2 жыл
2Токсобаева М.П.орус тилиСыргабаева  АсельСтажы 2 жыл
3Акматова Н.Ш.орус тилиАсанакунова  ЭльзатСтажы 3 жыл
4Осмонбекова М.С.кыргыз тилиУсупбекова   ЖибекСтаж 1 жыл
5Токталиева А.М.баштал.клТөштук кызы НаргизаСтаж 0 жыл
6Сыдыкова Н.Ж.математикаБектурган уулу КаниметСтаж 3 жыл
7   Осмонова Б.К.географияУрпоева РанатСтаж 1 жыл
8Мамбеталиева А.М.кыргыз тилиНазаркул кызы ГүлайСтажы 0 жыл
9   Бакеева Р.Шкыргыз тили   Кубанычбек кызы ЧолпонСтаж 1 жыл
10Турдулаиева А.Т.математикаТургунбек  кызы ЖибекСтаж 5 ай
11Исакова К.М.англис тилиДеңизбекова    ЕленаСтаж 0 жыл
12Бейшенова С.О.математикаМаксатбек кызы АдинайСтаж 0 жыл
13Джаманкулова Э.Т.орус тилиКаныбекова  АлияСтаж 2 жыл
14Кыдырбаева С.С.чет тилиКөкүл кызы КаныкейСтаж 3 жыл
15Мамбетова К.Э.башталгыч клАбдиева АидаСтажы 2 жыл

 

 

 

 

 

 

Насаатчынын негизги милдеттери болгон иштөө принциби төмөндөгүдөй:

 

Окутуунун ички интеллектуалдуулугун,  аналитикалык сынчыл ой жүгүртүүсун жогорлатуу, инсандын өзүн-өзү таанып билүү баланын бүтүндөй жан дүйнөсүн ачып жана өзүнүн чыныгы педагог экендигине ынандыруу.

Насаатчылар жаш адистерге  кесиптик такшалуу жагынан жардам, көмөк көрсөтүү аркылуу мектептин кадрлар маселесин чечүүгө өбөлгө түзүп келишет. Алардын педагогикалык ишке дилгирлигин ойготуп, кесиптик ишмердигине тиешелүү муктаждыктарды аныктап, зарыл иш билгилерин өнүктүрүү менен кесиптик чеберчилигин жогорлатууга салымын кошуп келишүүдө.

Жаш мугалимдер бекитилген календарлык –тематикалык план менен иштешет. Күндөлүк сабактын планын бекиттирип турушат.  Алар     мектепке тийиштүү документацияны туура жана өз учурунда толтурууну, окуучуларды окутууда жалпы билим берүү программаларын аткарууну,   мектептин талаптарын аткарууну ,окуучулардын жеке психологиясын, өзгөчөлүгүн изилдөөнү,  ар кандай методикалык ыкмаларды колдонуу менен сабак өтүүнү үйрөнүп эмгектенип келе жатышат.

Насаатчы мугалимдер өздөрүнүн тажрыйбаларынан бөлүшүп, сабактарына катыштырып, көрсөтмө куралдарды жасоодо кеңеш берип, алардын сабактарына катышып, кемчиликтерин жоюуга сунуштарын айтып өз милдеттерин аткарууда. Өзгөчө жаш мугалим менен тыгыз байланышта болгон Жаманкулова Э.Т., Осмонова Б.К., Акматова Н.Ш.,Кыдырбаева С.С., ТоксобаеваМ.П., Бакееева Р.Ш. атап кетсек болот.

  1. Орозобекова Үмүт– химия мугалими . Насаатчысы Чекирова А.Б. Өзү окуткан окуу предметке байланыштуу эреже, теория, аныктама, принцип,түшүнүктөрдү окуучуларга жатык тилде үйрөтө ала турганын көрсөттү. Сабактын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу коопсуздук эрежелерди билүү жана сабакта колдоно билүү керектигин  үйрөттү. Сабак өтүүнүн ыкмаларын колдонуп өтүү сунушталды.
    2. Сыргабаева Асель –  Токсобаева М.П. насаатчылык кылды.  Сабак өтүүдө предметти, түшүнүктөрдү, аткара турган иштерди так билүүгө, окуу материалына төп келген методду жана окутуу технологиясын, кошумча материалды жана ыкманы колдоно билүүгө үйрөттү.
  2. Асанакунова Эльзат– Насаатчысы Акматова Н.Ш. Предметтин өзгөчөлүгүнө, сабакта өтүлө турган материалга шайкеш келген методдорду жана технологияларды тандай билүүсүн, класс жетекчинин функционалдуу милдеттери тууралуу,  предметтин окуу планга ылайык үйрөтүлүшү керектигин үйрөттү.
  3. Абдиева Аида – башталгыч класстын мугалими. Насаатчысы Мамбетова К.Э. Күндөлүк сабактын  планын өз убагында жазат,  кол койдуруп турат,сабактын максаттарын туура коюну өздөштүргөн. Окуучулар менен тил табыша билет. Окутуунун методикаларын практикалап үйрөнүүдө.
  4. Урпоева Ранат – 8-9-10-11-класстарга география сабагынын берет. Насаатчысы. Бул мугалимге документацияны толтурууда, кундөлүк  сабактын планын түзүүдө, жумалык убагында өтүлүүчү ачык сабактарды өтүудө жардам берди. Күндөлүк сабактын планын жазып , кол койдуруп турат.
  5. Тургунбек кызы Жибек – англис тили мугалими. Насаатчысы Турдалиева А.Т. Сабак өтүүнүн жаңы ыкмаларын колдонуп , көрсөтмөлүү сабак өтөт. Жаңы технологияларды пайдаланат. Мектепке тийиштүү документациясы өз убагында  толтурат.
  6. Бектурган уулу Канимет – химия мугалими . Насаатчысы Чекирова А.Б. Өзү окуткан окуу предметке байланыштуу эреже, теория, аныктама, принцип,түшүнүктөрдү окуучуларга жатык тилде үйрөтө ала турганын көрсөттү. Сабактын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу коопсуздук эрежелерди билүү жана сабакта колдоно билүү керектигин  үйрөттү. Сабак өтүүнүн ыкмаларын колдонуп өтүү сунушталды8. Каныбекова Алия –  орус тилдүү  башталгыч класска сабак  берет. Насаатчысы Жаманкулова Э.Т. Сабак өтүүдө окуучулардын орусча так , туура сүйлөөсү боюнча иш жүргүзбөйт. Журнал толтурууда кемчиликтер бар. Күндөлүк сабактын планын жазып турат. Насаатчыга сунуш: Окуучуларга психологиялык таасир этүүнүн ыкмаларын эффективдүү пайдаланууну, ата-энелер менен иштөөнү, журналды так толтурууну үйрөтүү күчөтүлсүн. Насаатчылык боюнча отчёт берилсин.

 

  1. Кубанычбек кызы Чолпон – кыргыз тили жана адабияты мугалими . Насаатчысы Бакеева Р.Ш. Сабактын максатын конкреттүү коюуну,  мектеп документациясын туура толтурууну үйрөттү. Жаш мугалимдердин көрсөтмө  куралдардын көргөзмөсүнө  көрсөтмө курал жасоого көмөктөштү. Насаатчыга сунуш : Журналды  туура толтурууну үйрөтүү күчөтүлсүн,өз ара сабакка катышуу жүргүзүлсүн.

 

  1. Көкүл кызы Каныкей –  англис тили мугалими .Насаатчысы  Кыдырбаева С.С.  Календарлык-тематикалык план менен журналдын дал келиши, күнүмдүк  сабактын планын жазууда, ага максат коё  билүүсү, жумалык өткөрүүдө сабактардын өтүлүшү, документацияны кандай толтуруу керектиги боюнча иш жүргүздү. Сунуш:көрсөтмө куралдар менен иштөө, аны сабактарга колдонуу менен көрсөтмөлүү сабак өтүү.

 

  1. Назаркул кызы Гүлай – кыргыз тили жана адабияты мугалими. Насаатчысы Мамбеталиева А.А. –  . Журналды толтурууда, окуучуларды баалоодо,  чейрек чыгарууда обьективдүү баа коюлган эмес. Насаатчыга сунуш: Насаатчылык иш күчөтүлсүн.Маалымдама жазылып,отчёт берилсин.Сабакка катышуу жүргүзүлсүн.

 

  1. Усупбекова Жибек- аскерге чейинки даярдык сабагынан берет. Насаатчысы Осмонбекова М.С. сабакта тиешелүү окуу материалдарды жана көрсөтмө куралдарды колдоно билүүсүн үйрөнүү үчүн насаатчылык ишти күчөтүү насаатчыга сунушталды.Өз ара сабакка катышуу жүргүзүлүп, ар бир жасаган иш боюнча отчёт берилсин.
  2. Төштүк кызы Наргиза – башталгыч класстын мугалими. Насаатчысы Токталиева А.М. Сабагына катышуу менен жаңы теманы мурда өтүлгөн жана кезектеги сабакта өтүлө турган темаларга байланыштыруу керектигин, сабак өтүүнүн методикаларын билбегендиги аныкталды.Насаатчыга сунуш: Өз ара сабакка катышуу жүргүзүлүп , сабак өтүүнүн жолдорун үйрөтүү керек, насаатчылык иш күчөтүлсүн. Отчёт берилсин.
  3. Максатбек к Адинай- физика мугалими Насаатчысы Бейшенова С.О. Күндөлүк сабактын планын жазууда кемчиликтер кетирген. Сабак өтүүнүн ыкмаларын өздөштүрө элек. Насаатчыга сунуш: өз ара сабакка катышуу жүргүзүлүп, насаатчылык иштер күчөтүлсүн. Отчёт берилип турсун.
  4. Деңизбекова Елена – англис тили мугалими Насаатчысы Исакова К.М. Жетишпеген окуучулар менен иштөө начар, жаңы технология менен көрсөтмөлүү сабак өтүүсү сунушталган. Өз убагында журнал толтурулбайт. Насаатчыга сунуш: Журнал толтуруу көзөмөлгө алынсын, өз ара сабакка катышуу жүргүзүлүп туруу күчөтүлсүн.

Мактоого татырлык жаш мугалимдердин атын атап кетсек:  химия мугалими Орозобекова Ү, биология мугалими Урпоева Р, адеп мугалими  Асанакуова Э, англис тили мугалими Тургунбек кызы Ж, башталгыч класстын мугалими Абдиева Аида.  Бул мугалимдер өздөрүнүн жаштыгына, педагогикалык стажысынын аздыгына карабай окуучуларды өз предметине кызыктырган сабактарды өтүп, окуучуга дифференциалдык мамиле түзө билип,  интерактивдүү методдор менен көрсөтмөлүү сабактарды жана интеграциаланган сабактарды өтүп жатышат.

 

  • Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорлатуу жана өз билимин өркүндөтүү

Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорлатуу жана өз билимин өркүндөтүү  максатында жыл сайын мугалимдер  Бишкек шаарынын  Билим берүү акдемиясынан курстан өтүп, сертификаттарга ээ болушат. Мында педагогикалык –адистик чеберчилигин арттыруу,  методикалык адистик чеберчиликти жогорулатуу , педагогикалык –психологиялык маселени үйрөнүү ,  өз билимин тереңдетүү жана  билим берүүнүн натыйжалуулугун арттыруунун сапаты эмнеде эке көйгөйдүн негизинде окуп келишүдө.

Математика предмети Кудайбердиева А. “Математика предметин окутуунун теориясы” 10.12.2017-ж

Орус тили жана адабияты Карымбаева Н.А.” Орус тили жана адабияты сабагын окутуунун теориясы жана

методикасы”10.11.2017-ж

Орус тили жана адабияты Абдраимова Г.Т.” Орус тили жана адабияты сабагын окутуунун теориясы жана

методикасы”08.12.2017-ж

Чет тили Талгарбек к Мээрим “Англис тилин окутуунун теориясы жана методикасы” 27.012018-ж

Мектеп психологу Турусбек к Айжан “ Мектеп психологунун ишинин теориясы жана практикасы”02.03.2018-ж

Информатика Бектурган уулу Канимет “ Информатиканы окутуунун теориясы жана метдикасы” 16.02.2018-ж

Химия Орозобекова Ү.О. “ Табигый-илимий предметтерди (химия) окутуунун информациялык-коммуникациялык

технологиялары.19.02.2018-ж деген курстардан өтүп келишти. Алиев Аман

Бекитилген Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгынын, Октябрь райондук Билим борборунун график боюнча түзүлгөн ай сайын өтүлүүчү  семинарларга мугалимдер активдүү катышып турушту.

Жеке ишкер А.Салымбековдун колдоосу боюнча өткөрулгөн форумга, “Англис тили боюнча жаш мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу”курсуна, “Америка элчилиги жана “Лингва” борборунун колдоосу менен англис тили мугалимдеринин билимин жогорулатуу “ курсуна, Япония мамлекети өткөрүлгөн тренингге, “Мугалим мугалимге жардам берет”(ТНТ) “Интеграция предмет аралык байланыш “ОК-Г Эврика–2” катышышты.” Билим берүү системасын чыңдоо” өнүгүү секторунун проектиси    (АБР проектиси)жана ЮСАИД фонду уюштурган “Келгиле окуйбуз” окуу жөндөмүн күчөтүү долбооруна мектеп директору А.Б.Чекирова,окуу бөлүм башчысы М.П.Токсобаева, тарбия завучу Н.Ш. Акматова , китепканачы Бирназар к Алтынай  жана башталгыч класстын мугалимдери катышып сетификаттарга ээ болушту.

26-январда 2018-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын планына ылайык Бишкек шааарынын география мугалимдеринин семинары болуп өттү. Темасы: “География сабагын окутууда жаңы инновациялык ыкмаларды колдонуу менен окуучунун ишмердүүлүгүн активдештирүү”. Семинарга БББнын  жетектөөчу адиси Э.Ж.Сатышева, Ленин районунан 22 мугалим, Свердлов районунан 25 мугалим, Биринчи май районунан 12 мугалим, Октябрь районунан 8 мугалим жана №91 мектеп-гимназиясынын администрациясы жана мугалимдери катышышты. Семинардын башталышында “Инновациялык методду пайдалануу менен окуучулардын билим сапатын жогорулатуу” деген темада МУБ жетекчиси Бакеева Р.Ш. слайд көрсөтүү менен доклад окуду.

Бул семинарда жаш болсо да көп идеяга бай, өз кесибин мыкты  билген география мугалими Осмонова Бурул Кенжебековна 6-Б класска “Көлдөр, каналдар, суу сактагычтар” деген темада ачык сабак өттү.  8-Д класска “Өсүмдүктөрдүн бийиктик алкактуулук боюнча таралышы” деген темада  көп жылдык тажрыйбасы бар география мугалими Асаналиева Жылдыз Абдрасуловна ачык сабак өттү.   БББнын жетектөөчү адиси Сатышева Э.Ж.  жана башка катышуучулар семинарды эң жогорку деңгээлде өтүлдү деп табышты.

15-март 2018-жылы  сүрөт жана кол эмгек сабагы боюнча шаардык семинар өтүлдү. Буга билим берүү борборунун башкы адиси Арстанбек Салбаревич жана  Бишкек шаарынын кол эмгек жана сүрөт мугалимдери келип катышышты. Сүрөт мугалими  Өзүбекова А “Түстүү кагаздан байчечекей жасоо” мастер-класс, кол эмгек мугалими Жолдошева А “ Элечек ороо” мастер класс, кол эмгек сабагы боюнча кружок жетекчиси Темирова Г “ Ак калпак-кыргыз сыймыгы” калпактын кийизин жасоо боюнча мастер- класс өтүштү. Семинар жогорку деңгээлде өтүлдү деп табылды.

19-апрель 2018-жылы Бишкек шаарынын музыка мугалимдеринин семинары болуп өттү.   Ар бир райондон 52 мугалим  жана БББ башкы адиси Калыгулова М.Р. , музыка чебери, композитор Рафаэль Зарлыков катышты.  Бул семинарда №91 мектеп-гимназиясынын музыка мугалими Шамшиев Бекташ Орозович 5-класстарга “ Саякбай Каралаев – XX  кылымдын залкар манасчысы” деген темада ачык сабак өттү. Сабактын жабдылышы, сабактын интерактивдүү методу колдонуп өтүүсү  тууралуу семинардын  катышуучулары өз ойлорун, сунуштарын  айтышты.

Мугалимдердин талапка ылайык жасалган көрсөтмө куралдар жана дидактикалык материалдар боюнча тажрыйбалуу мугалимдердин  чыгармачылык отчёту болду. Буга орус тили жана адабияты мугалими Базарбаева Г.С .  чет тили мугалими     Кыдырбаева  С.С , башталгыч класстын мугалими  Байсабаева Н,  кол эмгек мугалими  Молдалиева А,с үрөт мугалими Өзүбекова А катышышты. Чыгармачылык отчётто  критерийлер күн мурунтан берилген. Жоопкерчилик менен даярданышкан. Катышкан мугалимдер өздөрүнүн чеберчилигин көрсөттү, көрсөтмө куралдардын оригиналдуулугу каралып, жоопкерчилик менен мамиле жасаган мугалимдерге мектеп администрациясы тарабынан  алкыш айтуу менен жылдын жыйынтыгында сыйлоо каралды.

Жаш мугалимдердин көрсөтмө куралдарынын көргөзмөсү болуп өттү.  Анда ар бир УБден стажысы аз,  жаш мугалимдер  катышышты. Кыргыз тили  жана адабияты мугалими Кубанычбек к Ч,  башталгыч класстын мугалими Токонова А  жана  Турдуева Б , чет мугалими Сыргабаева А математика мугалими  Кудайбердиева А,  тарых мугалими Абдраманова М    өздөрү жасап аракет кылган көрсөтмө куралдарын көрсөтүштү.  Жасалган көрсөтмө куралдардын критерийлерине ылайык  ар биринин өзгөчөлүгү аталды жана көрсөтмө куралдар мене сабак өтүп туруу милдеттендирилди.

 

  • Таланттуу жана зээндүү окуучулар менен иштөө

 

Таланттуу жана зээндүү  окуучулар менен иштөө мектептин бирден бир алдыга койгон маселелеринин бири. Мектепте таланттуу жана зээндүү окуучуга жөн гана билим берүү эмес, ал билимин  коомдо  колдоно билүүсүнө шарт түзүп берүүгө кам көрүүнү карап келет.  Баланын жөндөмүн толук ачуу менен кылган ишинин ийгилигинин жетишине өбөлгө түзүп, билгичтигинин, талантынынын өсүшүнө түрткү берүү педагогикалык жамаатка милдеттендирилген.

Зээндүү окуучулар менен иштөө – №91 МГ нын приоритеттүү иштин багытынын бири. Анын негизги максаты- окуучулардын жаратылыш берген,өз алдынча таанып –билүүсүнө, талантынын-шыгынын өсүшүнө көмөк көрсөтүү.

 

Мектепте зээндүү жана таланттуу балдар менен иштөө системасы төмөндөгүдөй:

  1. Таланттуу жана зээндүү окуучуларды чыгаруу

– окуучунун жетишүүсүн жана ийгиликтерин анализдөө

– окуучу жөнүндө маалыматты топтоо

– окуучунун жетишүү потенциалына диагностика жүргүзүү

  1. Окуучунун чыгармачылык өзгөчөлүгүнүн чыгышына, өсүп-өнүгүшүнө жардам берүү

– Жеке инсандык багыт аркылуу окутуп-тарбиялоо

– мектеп ичиндеги кружокторго тартуу

-интеллектуалдык оюндарга, чыгармачылылк конкурстарга катыштыруунун уюштуруу

  1. Зээндүү окуучулардын таанып-билүү жөндөмдүүлүгүнүн өнүгүүсүн көзөмөлдөп туруу

– Ар бир предметтен тематикалык өздөштүрүүсүн көзөмөлдөө

 

 

 

 

 

– Зээндүү жана таланттуу окуучу менен ата-эненин биргелешкен практикалык иш алып баруусу

  1. Мугалимдер менен иштөө

– Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу

– Зээндүү жана таланттуу окуучулар менен иштөөсүн стимулдаштыруу

6.Зээндүү балдардын андан ары өнүгүүсүнө башка коомдук структуралар менен карым-катнаш түзүү

 

7.Зээндүү жана таланттуу балдардын жөндөмдүүлүгүнүн ар тараптан өсүшүнө мектеп комплекстүү, ыңгайлуу шарт түзүп берүүсү

Мектепте зээндүү жана таланттуу окучулар менен иштөө үчүн программа иштелип чыккан.

– Зээндүү жана таланттуу окуучуларды эрте аныктап, даярдап чыгаруу (жыл жайын өтүлүүчү мектеп  олимпиадасында)

– Билим алуусуна бардык баскычтарда шарт түзүп берү

-Зээндүү жана таланттуу окуучуга жекече колдоо көрсөтүү

-Зээндүү жана таланттуу балдардын жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүнө окуу процессинде атайын сабактарды, методикаларды киргизүү

 

№91 мектеп-гимназиясынын зээндүү жана таланттуу окуучулардын тизмеси

 

Окуучунун аты-жөнүклассыпредметиМугалимиЭскертүүсү

 

1Сьезбеков Акынбек11-Акыргыз тилиБакеева Р.Ш.Активист, мектеп иш-чарасында алып баруучу,”Жалын” мектеп газетасынын журналисти, ыр чыгарат,комузчу.  Райондук олимпиадада V орунду ээлеген

“Ч.Айтматов чыгармаларын көркөм окуу” сынагында Ардак грамотанын ээси

2Нурбек уулу Рустам10-Акыргыз тилиМамбеталиева А.М.Райондук олимпиададан IV орунду ээлеген.Жаш акын.”Мен жана менин укугум” дилбаян сынагынын жеңүүчүсү
3Есенкулова Гульнур11-Аорус тилиТоксобаева М.П.Райондук олимпиададан III орунду ээлеген. Отличник, “Жалын” мектеп газетасынын журналисти,активист Ч.Айтматов чыгармаларын көркөм окуу” сынагынын жеңүүчүсү отличник,”Өзгөчө үлгүдөгү аттестатка талапкер,”
4Турганбай Гүлнази10-Аорус тилиКурманалиева А.Дж.Райондук олимпиадада III орунду ээлеген,активист,отличник
5Миңбаев Айдар10-АматематикаСыдыкова Н.Ж.Отличник,активист, комтьютер программаларын өздөштүргөн.
6Смаилбекова Бегимай11-АматематикаЧекирова А.Б.Отличник,”Өзгөчө үлгүдөгү аттестатка”талапкер,”Жалын” мектеп газетасынын журналисти.
7Төрөбай кызы Гүлназ11-АбиологияТаалайбек к НКорей тили боюнча шаардык конкурсунда  дипломдун ээси, активист, биология боюнча райондук олимпиадада 5-орунду ээлеген
8Баратова Айдана11-АбийХоджаева Н.Х.“Дея” бий тобунун солисти,Турция,

Индия өлкөлөрүнө гастролдогон.

Мактоо грамоталарга ээ.

9Мойнокова Айжан8-Гнемец тилиАсанакунова Э.У.Чет тилдер боюнча шаардык олимпиадада немец тили боюнча

III орунду ээлеген,активист, отличник.

10Акылбек к Айзат 7-Гкыргыз тилиАбдрасулова А.К.Активист “Мен жана менин укугум”дил баянын жазууда шаар боюнча I орун
11Таалайбек уулу Калмырза10-БтарыхЖумагазы уулу БӨзгөчө үлгүдөгү күбөлуктун ээси,активист.
12Есенкулова Назима10-Аорус тилиТоксобаева М.П.Корей тили боюнча конкурстун жеңүүчүсү.Өзгөчө үлгүдөгү күбөлүктун ээси, активист.
13Гао Лина7-Бкытай тилиАсаналиева К.А.Кытай тили боюнча шаар боюнча

I орун, активист

14Мамбетова Айпери11-АхимияОрозобекова Ү.О.Өзгөчө үлгүдөгү аттестатка талапкер

Активист, “Ата Журт” коому уюштурган “Акыл  Карачач”  интеллектуалдык оюнунда “мыкты оюнчу” номинациясынын ээси.

15Өскөнбай кызыТурсунай9-Вкыргыз тилиАбдрасулова А.К.Ч.Айтматовдун чыгармаларын көркөм окуу боюнча район боюнча IV орунду ээлеп, Ардак грамотанын ээси болду
16Байболсунов Эргазы10-БгеографияОсмонова Б.К.Активист,”Жаш манасчы” шаардык кароо-сынактын Ардак грамотасынын ээси ,райондук олимпиадада V орунду ээлеген.
17Асанакунов Арслан6-Бкыргыз тилиКубанычбек к ЧолпонАктивист, манасчы,”Жаш манасчы”

райондук сынакта V орунду ээледи, ыр чыгарат.

 

 

Зээндүү жана таланттуу окучулар менен иштөө  жана окууга көңүлдөнгөн, мотивациясы бар балдар менен иштөө ар бир сабакта жүргүзүлөт. Мугалим топтук жана жеке тапшырмаларды колдонот,  окуучуларга кошумча адабият колдонууга багыт берет. Ал адабият кайсы билим булагынан алынганы жөнундө маалымат берип турат. Жеке жана топтук тапшырмалар практикалык түрдө , долбоор  түрүндө кошумча материал менен иштөөнү жана табигый, математикалык цикл, изилдөө маселелерин чыгарууга багытталган.

Кырыгз тили жана адабияты , орус тили жана адабияты сабактарында чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө чоң көңүл бурулат ((дилбаяндарды жазуу, программадан сырткары  чыгармаларды өз алдынча окуу)

Салттуу түрдө ар кандай конкурстарда катышып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү.

Бул боюнча жакшы ийгиликтерге жетишкен.

Сынак олимпиадаларга ккатышууга даярдануу процесси окуучулардын оозеки сүйлөшүүсүн,диалог түзүүсүн, өзүнө жоопкерчилик алуусун, бирдикте чечим чыгаруу компетенциясын өнүктүрөт.

 

Спорт – бул ден соолукту, достукту, ынтымакты бекемдейт. Биздин мектепте спортко кызыктыруу үчүн дене тарбия мугалимдери окуучуларды кызыктыруу үчүн иш планына ылайык ар кандай мелдештерди өткөрүшөт.

Мектеп ичинде   эстафета мелдеши: 3-класстар жана 4-класстар арасында өткөрүлдү.

1-орун – 4-Д класс

2-орун – 4-Г класс

3-орун – 4-А класс

 

Окуучунун аты-жөнүклассыОюндун түрүЭэлеген ордумугалими
1Акжолтой уулу Данияр9-БОрдо оюнуМектеп ичинде 1орун

район боюнча  1-орун

шаар боюнча 3-орун

Сапарова Надира

Алиев Аман

2Аликов НурсултанОрдо оюнуМектеп ичинде 1орун

район боюнча  1-орун

шаар боюнча 3-орун

Сапарова Надира

Алиев Аман

3Кенжебай уулу Чыңгыз8-БОрдо оюнуМектеп ичинде 1орун

район боюнча  1-орун

шаар боюнча 3-орун

Сапарова Надира

Алиев Аман

4Тазабек уулу Бакыт10-АОрдо оюнуМектеп ичинде 1орун

район боюнча  1-орун

шаар боюнча 3-орун

Сапарова Надира

Алиев Аман

5Ынаков Чубак8-БОрдо оюнуМектеп ичинде 1орун

район боюнча  1-орун

шаар боюнча 3-орун

Сапарова Надира

Алиев Аман

6Шералы уулу Бек10-АОрдо оюнуМектеп ичинде 1орун

район боюнча  1-орун

шаар боюнча 3-орун

Сапарова Надира

Алиев Аман

7Жумадилов Кайрат9-ДОрдо оюнуМектеп ичинде 1орун

район боюнча  1-орун

шаар боюнча 3-орун

Сапарова Надира

Алиев Аман

 

 

 

 

Октябрь районунун спорт комитети Деркембаев У грамота жана белектерди тапшырды.

 

Окуучунун аты-жөнүклассыоюндун түрүЭэлеген ордусалмагымугалими
1Абдыкамытов Байэл7-ГЭркин күрөш3-орун44 кгАлиев Аман
2Токтомушев Деңизбек7-ВЭркин күрөш1-орун48 кгАлиев Аман
3Талант уулу Дөөлөтбек5-БЭркин күрөшжеңген жок29 кгАлиев Аман
4Акылбеков Илхам5-ГЭркин күрөш1-орун38 кгАлиев Аман
5Абдыкамытов Элдияр6-ДЭркин күрөш2-орун35 кгАлиев Аман
6Марат уулу Арген6-БЭркин күрөшжеңген жок30-кгАлиев Аман
7Эркинбек уулу Актан6-БЭркин күрөшжеңген жок28-кгАлиев Аман
8Нурланбек уулу Изат5-БЭркин күрөш3-орун29 кгАлиев Аман

 

 

Эске алуучу жагдай:

 

  • Жаш мугалимдерге насаатчылыкты күчөтүү, алар менен жеке маектешүү; аныктоо карталарын толтуруу
  • Иштин түрдүү багыттары боюнча жаш мугалимдерге анкета жүргүзүү.
  • Усулдук пландагы көйгөйлөрдү жана муктаждыктарды табуу
  • Мугалимдин усулдук деңгээлин колдоо формаларын тандоо жана сунуштарды иштеп чыгуу
  • Өзүн-өзү өнүктүрүү программаларын түзүү жана усулдук теманы тандоо; өз алдынча багытталган билим алуу;
  • Окутуунун жана тарбиялоонун жалпы усулунун маселелери боюнча усулдук семинарлар;
  • Табылган көйгөйлөр боюнча усулдук семинарлар;
  • Предметтер боюнча усулдук семинарлар;
  • Квалификацияны мектептен тышкары жогорулатуу курстары;
  • Мектеп ишке ашыруучу билим берүү долбоорлоруна мугалимдерди тартуу.
  • Мугалимдерге иш тажрыйбасын жайылтууда жардам берүү;
  • Таланттуу жана зээндүү окуучулар менен иштөөнү кучөтүү

 

 

 

 

 

  Сабактардын анализи:

            Окуу жылы ичинде жалпы 159 сабакка катышуу жүрду.  Катышуунун  максаты: предметтин сапаттуу берилиши, окуу программасынын аткарылышы, мугалимдин окуучуларды сабака шыктандырууга , алардын интеллектин өстүрүүгө  көңүл буруусу жана окутуунун улантмалуулугу сакталганын көзөмөлдөө.

Сабактарынын максаты так коюлуп, жакшы жана сапаттуу уюштурулган   алдыңкы мугалимдерге: Бакеева Р.Ш, Токтоналиева Р.Э,  Осмонова Б.К., Асаналиева Ж.А., Мамбетова К.Э жана Кыдырбаева С.С . Аты аталган мугалимдердин сабактары түшүнүктүү, жеткиликтүү жана окуучуларга кызыктуу, практикалык тапшырмалар камтылган.  Сабакта убакытты жакшы, үнөмдүү колдонушат. Окуулар сабакта бардык терминдерди билишпесе да ,  көпчүлүгү активдүү, окуучулардын  өз алдынча иштөө да каралган.алардын билимдери мугалимдер тарабынан объективдүү бааланат.

Ал эми Төлөгөнова Т.А жанаСыдыкова Н.Ж жана Курманалиева А.Дж, сабактары мамлекеттик стандарттын жана программанын негизинде уюштурулган. Сабакты өз убагында , кечиктирбей башташат, сабактын  максаты жана типтери так аныкталган. Мугалимдер сабактарында пегаогдордун системалык ишмердүүлүгунун технологиясы кеңири колдонушат, оюн формасын колдонушат. Жалпылап айтканда, мугалимдер сабакта өздөрүнүн жана окуучулардын ишмердүүлүгүн азыркы билим берүүнун талаптарына жооп бергендей уюштурушат.

Мамбеталиева Алтынай Мелисбековнанын 10а-классындагы «Кыргыздын салт-ырасымы жана ийгиликтер, кемчиликтер» деген темадагы кыргыз адабияты сабагы жакшы, так уюштурулган, максаты туура жана так коюлган.  Мугалим сабакта окуучуларды чыгарманы (« Жаңыл Мырза» поэмасыныны негизинде) талкуулоого кызыктырып,  азыркы заман менен салыштырды. Ар бир окуучу өз оюн айтып, талкуулашты. Оутуунун интерактивдүү методун колдону өтүлгөн бул сабак өз максатына жетти.

Кыргыз тили жана адабияты мугалими Абдрасулова Айзат Казакбаевна 9в-классына Ж.Бөкөнбаевдин «Ажал менен Ар намыс» поэмасы деген темада сабак өттү. Мугалим  жыйынтыктоо сабагын  так жана жакшы иштеп чыккан, максаты туура коюлган. Сахна-сабак болгондуктан, музыка коштоп турду. Окуучулар  ролдорду аткарууда актердук чеберчиликтерин да көрсөтө алышты.  Сабак окуучуларды патриоттуулукка үндөө менен  максатына жетти.

Химия мугалими Орозобекова Үмүт Орозобековна 8д-классына «Химиялык маселелер» деген темадагы сабагына күбө болдук. Окутуунун интерактивдүү усулдары  кеңири колдонулган, окуучулардын  ой жүгуртүү жөндөмдүүлүгүн  өстүрө алган жогорку деңгээлдеги сабак болду. Сабакта мугалим ТСО колдонуу, реакцияларды көрсөтуү жана аткартуу менен окуучуларды сабака кызыктыра алды жана топторго бөлүнүп, маселелерди иштетти. Топтордун билимин объективдүү баалады. Сабакта убакыт туура пайдаланылып, максатына жетти. Жаш мугалим өзүнун ар бир сабагын изденүү  жана  чыгармачылык менен өткөнгө  аракеттенет. Мугалим сабагында өзүн ишенимдүү алып жүрөт, окуучулар менен тыгыз байланышта.

Дайырбек кызы Махабат – физика мугалими  9б-классына «»Элементтердин Д.И.Менделеев түзгөн мезгилдик системасы жана атомдордун түзүлүшү» деген темада физика сабагын  өттү. Сабак көрсөтмөлүү, ТСО менен жабдылган, темага карата  слайд даярдалган. Теманы түшүндүрөөрдөн мурда мугалим өткөн темаларга басым жасады, убакытты үнөмдүү пайдаланды. Сабакты бышыктоо максатында  синквейн, класстер усулдарын колдонулду, маселелер иштелди. Мугалим сабактын окуучулар тарбынан жыйынтыкталышына багыт берд үү менен окуучулардын өз алдынчалык жөндөмдүүлүгүн калыптандыра алды.Махабат сабакты методикалык жактан туура иштеп чыккан жана максатын, тибин туура аныктаган. Сабак максатына жетти.

Сабитакунова Тамара Сыртбаевна – тарых мугалими 10а-классына «Маданият жана коом» деген темада адам жана коом сабагын өттү.Окутуунун интерактивдүү методдорун жана ТСО  колдонуп өткөн бул сабак, окуучулардын кызыгуусун арттырып, өз максатына жетти. Сабакта (окуу китеби жок болгондугуна карабай) окуучулар үчун тапшырмалардын бир нече түру берилди: коомдогу маданияттын турлөрү, алардын аткарылышы, сакталышы, коомдогу жазылбаган ченем-моралдын айланасында дискуссия жүрду. Сабакты жыйынтыктоону окуучулар өздөрү жүргүзду. Тамара Сыртбаевна бардык сабактарын изденүү менен өтөт, окуучуларга ар кандай булактардан жаңы маалыматтарды берет.

Башталгыч класс мугалими Андабекова Гүлбарчын Медеркуловна2д-классына «Тегерек ондуктар» деген темада математика сабагын өттү.  Сабак көрсөтмөлүү, тема окуучуларга жеткиликтүү түшүндүрулду. Окуучулар сабакта активдүү, кыймылдуу. Мугалим ар бир окуучуга көңул бурууга аракеттенет. Сабак методикалык жактан туура уюштурулган, бирок убакыт туура эмес колдонулуп калды. Сунуш:  окуучуларга метаматикалык терминдерди колдонуп сүйлөөнү үйрөтүү, аркеттенүү.

8а-классындагы математика сабагы  «Көбөйүндүдөн квадраттык тамыр чыгаруу» деген темада ачык сабак өттү. Сабак эң жогорку методикалык денгээлде өттү. Сабакты математика мугалими – Турдалиева Адиля Турсунбековна  өттү. Жомок-сабагы окутуунун интерактивдүү усулдарын камтып,  ар кандай тапшырмаларга жык толгон. Тапшырмалар ар түрдүүлүгү, кызыктуулугу, көптүгу  менен айырмаланат. Сабакта жыйырмадан ашык мисал жана маселе иштелди, окуучулар алардын кээ бирин дептерге жазып жетишишти. Мугалим эң биринчи окуучулардын формасына, жүруш-турушуна, бири-бири менен болгон байланышка да көнүл бөлгөн.  Убакыт туура пайдаланылып, сабак максатына жетти.

«Мультимедия түшүнүгү» деген темада 9в-классына информатика сабагын Абдыбекова Назира Асанбековна өттү. Сабак техникалык каражаттар менен толук жабдылган, методикалык жактан туура уюштурулган. Сабактын максаттары так жана туура коюлган. Окуучулар үчүн сабак компьютерде ар кандай тапшырмаларды, сабакты бышыктоочу тестти  аткаргандыгы кызыктырды, алар сабакта активдүү, жандуу. Компьютер менен иштөөдөн мурда окуучуларга көзгө көнүгүү жасоону талап кылды. Мындан башка «Интернет качан пайда болгон?» деген суроолорду камтыган оозеки суроо жүргүзүлдү. Өзүнө өзү баа берүү менен сабакты жыйынтыкташты. Мугалим менен окуучулардын байланышы жакшы. Сабак максатына жетти.