«Жаш Канат» өзүн-өзү башкаруу парламентинин түзүлгөн күнү : 01.02.2012
«Жаш Канат» өзүн-өзү башкаруу парламентинин өзүнүн Гимни,Герби,Флагы, структурасы бар
«Жаш Канат» парламентинин президенти 10 Б -классынын окуучусу Талантов Руслан
«Жаш Канат» парламенти жыл сайын жашылдандыруу, тазалык иштери боюнча бир топ алгылыктуу иштерди кылышат. Сентябрь айы саламаттыкты сактоо министирлиги мектептин айланасын, кабинеттердин тазалыгын текшерип турушат.
Мектептин уюштуруучулары менен бирдикте ар кандай класстан сырткары иш-чараларга катышып келишет
Жаш өспүрүмдөр менен иштөө жана милициянын жаш жолдошу, ошондой эле парламенттин мучөлөрү райондук деңгээлде өткөрүлгөн «Жарандык коргоо» күнүндө өз активдүүлүктөрүн көрсөтүштү.
«Карылар күнүн” өткөрүүдө парламент мүчөлөрү Бишкек шаарындагы карылар үйүнө азын-оолак белек-бечкек жана концерттик программа менен барышып, аз да болсо көңүлдүү маанай тартуулап келишти
Бүткүл дүйнөлүк инвалиддер күнүнө карата мектепте концерттик программанын коштоосунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга эстеликке белектерди тапшырышып, улуттук онкологиялык борборундагы балдар бөлүмүндө дарылынып жаткан балдарга да барууга үлгүрүштү
Жаш Канат» парламентинин лидерлери райондук, шаардык, мектеп аралык семинарларга,тегерек столдорго, тренингдерге байма-бай катышып ,тажрыйба топтоп турушат.