№91 мектеп-гимназиясы Орто жалпы билим берүүчү №91 мектеп-гимназиясы

Темирова Гүлбарчын  Чукуевна

Башталгыч класс мугалими

Мен Темирова Гүлбарчын  Чукуевна
1971-жылы  12-апрелде
Айтылуу Нарын өрөөнүнөн,
Нарын дарыясы менен тоолордун кучагына бөлөнгөн,
Жан-Булак айылында төрөлгөм.
Ата-энемдин мээримине бөлөнгөм.
Ак ниет иштеп атакем, сыйлыктарды алган тылдан,
Эмгектин ардагери болуп, үзүрлүү эмгек кылган.
Он эки баланы төрөп апакем, татыктуу тарбия берген,
Наам алган бааланып « Баатыр эне» деген.
Балалыгы өткөн жер , Абылкасым Жутакеев акындын,
Фирмасын ачып,ишкери болгон кыргыздын
Чыныбай Турсунбеков атагын чыгарып, атасы Акундун,
Бала бакча ачып, атын коюп Умсунай апанын.
Данияр Назарматов булбулу болгон операнын.
Чынара Капарова, Ташболот кызы болот жүзү , телеканалдын
1978-жылы мектеп босогосун аттадым,
Жакшы окуп ,эжекемдин эмгегин бааладым.
1988-жылы 10-классты аяктап,
Атактуу журналист Байма Сутенова жазган,
«Мамыры гүлдөгөн маалда» китебинде,
Чагылдырып образын жараткан,
Майрам Акматалиева баштаган,
«Эдельвейс» комсомолдук бригадасында,
Биринчи эмгек жолун баштагам.
Билим сересине умтулуп ,
Борборго келип, химик болууну каалагам.
Аракет кылып, өзүмдү сынап талпынгам.
1993-жылы Бишкек Коммерциялык Колледжине тапшырып,
Тамак-аш даярдоо технологиясына тартылып,
1996-жылы аяктадым окуудагы жетишкендигим артылып.
1996-97-жылдары иштедим кафе «Нурда»
Керектир практика жүзүндө бул да.
1997-98-жылы шартка байланыштуу,
Нарын облусуна караштуу,
Иштедим социалдык коргоо башкармасында,
Элдерге «Жардам берүү » тармагында.
2006-2011-жылы иштедим,
Шаарыбыздын №13 балдар бакчасында.
Элибизде бар го жакшы бир кеп,
Билим алуу жаш карыга карабайт деп,
2011-жылы педогогикалык билим алуууну чечтим,
Ишеналы Арабаев Университетинен билим
2014-жылы аяктап, билимге канып.
25 жыл мурунку максатыма жетип,
№91 мектеп гимназиясына келип,
Эмгектенип келе жатам,
Окуучуларга татыктуу билим берип.