Омур баян.
Жумабаева Элиза Жаркынбаевна, 1990-жылы 2-октябрда Чуй областынын Кемин районуна караштуу Тегирменти айылында төрөлгөн. Атасы-Дуйшөнов Жаркынбай – фермер, апасы- Абдыкеримова Гулзат -башталгыч класстын мугалими. 1997-жылы Тегирменти айылындагы Белек Солтоноев атындагы орто мектептин ак босогосун аттап, 2008-жылы аяктаган. 2008-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин « химия жана химиялык технология» факультетине тапшырып 2013-жылы аяктаган. Андан сон билимин жогорулатуу учун Кыргыз Улуттук Университетинин «финансы жана кредит» факультетин буткон.
Эмгек ишмердигин 2013-жылы биринчи май районундагы А.Толубаева атындагы №49 мектепте химия мугалими болуп баштаган. 2014-жылы сентябрь айынан баштап, Бишкек шаарындагы туркиялык жеке заводунда өз кесиби менен иштеген. №91 мектеп-гимназиясында 2018-жылдын 1-сентябрдан тарта ишке киришип, учурда китепканачы жана китепкана башчысы болуп иштеп жатат.