Сапарова Надира Кармышаковна 1977-жылы 13-апрелде Ош облусуна караштуу Ноокат районунда төрөлгөн. 1984-1994-жж. III Интернационал орто мектебин кызыл аттестат менен аяктаган. 1994-1999 -жж. ОМСУнун “Жеңил өнөр жай” факультетин кызыл диплом менен аяктап, “техник-технолог” кесибин алып чыккан. 1999-2004-жж. ушул эле окуу жайынын “Аскерге чейинки даярдык жана дене тарбия даярдыгы” бөлүмүн аяктап, “мугалим” кесибине ээ болду.
- 1999-2004-жж. ОГПИде “дене тарбия кафедрасы” – лаборант;
- 2004-2008-жж. ОГПИде “дене тарбия кафедрасы” – окутуучу;
- 2008-2012-жж. “Эмгек резерви” стадиону, дене тарбия жана спорт боюнча Республикалык борбору, бөлүм башчы;
- 2012-2013-жж. №18-кесиптик лицейи, дене тарбия жеткечиси;
- 2013-жылдан бери №91 МГ да дене тарбия мугалими болуп эмгектенип жатат;