Орозобекова Үмүт Орозобековна,1995-жылдын 21-март күнү Нарын областына караштуу Кочкор районунда төрөлгөн. 2001-жылы Кочкор районунун Ормон-Хан айылындагы Аблес уулу Алайдар орто мектебине 1-класстын босогосун аттап, 2012-жылы 11-классты артыкчылык менен аяктаган. Ошол эле жылы Ишенаалы Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин химия факультетине тапшырып,2016-жылы артыкчылык диплом менен аяктады.
2016-жылдын 1-сентябрынан бери Октябрь районуна караштуу №91 мектеп-гимназиясында химия мугалими болуп иштейт.
2016-жылы ЕНО химия магистр бөлүмүнө тапшырып,2018-жылы бүттүрдү.