№91 мектеп-гимназиясы Орто жалпы билим берүүчү №91 мектеп-гимназиясы

Көкүл кызы Каныкей

Англис тили мугалими

Көкүл кызы Каныкей 1991-жылы 29-августта Нарын областына караштуу Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында төрөлгөн. 1997-жылы Таш-Дөбө айылындагы Таш-Дөбө орто мектебине 1-класска кирген. 2007-жылы мектепти артыкчылык күбөлүк менен аяктаган. 2007-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик  университетинин алдындагы Лингвистика институнун чет тилдер колледжине тапшырган. 2011-жылы колледжди артыкчылык диплому менен аяктаган. 2015-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетине тапшырат. 2018-жылы университетти ийгиликтүү аяктаган. Азыркы учурда Бишкек шаарындагы №91 мектеп-гиназиясында англис тили мугалими болуп 2015-жылдан бери эмгектенет. 2018-жылы мектептин ардак грамотасы менен сыйланган.