Бирназар кызы Алтынай, 1994-жылы 14-майда Ысык-Көл областынын Түп районунун Тасма айылында төрөлгөн.
2000-жылы Тасма айылындагы Асан Сопиев атындагы №19 орто мектептин ак босогосун аттап, 2011-жылы аяктаган.
Андан соң билимин жогорулатуу үчүн Касым Тыныстанов атындагы Ысык- Көл мамлекеттик университетинин «Кыргыз филология, педагогика жана искусство» факультетин ийгиликтүү аяктаган.
Педагогикалык эмгек жолун 2016-жылы Бишкек шаарынын октябрь районундагы №91 мектеп-гимназиясында китепкана башчысы болуп иштеп баштаган.
2018-жылы 1-сентябрдан баштап башталгыч классынын мугалими болуп иштеп жатат.