Базарбаева Гүлмайрам Самиевна 1971-жылы 2-майда Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарында төрөлгөн.
1978-жылы Т. Сатылганов атындагы орто мектептин 1-классына кирген. 1988-жылы мектепти аяктаган.
1989-жылы Педагогикалык институттун орус тили жана адабият факультетине тапшырат. 1994-жылы Бишкек гуманитардык университетин ийгиликтүү аяктайт.
Педагогикалык эмгек жолун Кара-Көл шаарындагы Ч. Түлөбердиев атындагы орто мектебинде 1994-жылдан баштап 2012-жылга чейин иштеген.
2012-жылдан баштап Бишкек шаарынын Октябрь районунун №91 мектеп-гимназиясында эмгектенет.
«Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги» төш белгиси менен сыйланган.