Асанакунова Эльзат Үсөнбековна 1981-жылы, 20-мартта Ысык-Көл областына караштуу Жети-Өгүз районунда төрөлгөн.
1988-жылы мектеп босогосун аттап, 1998-жылы ийгиликтүү аяктап, аталган жылы Бишкек гуманитардык университетинин «Чет тилдер факультетине» тапшырып, 2003-жылы «Немец тили жана адабияты + референт котормочу» адистигине ээ болгон.
2000-2003-жылдары «ЭКО-ТУР» тур фирмасында котормочу болуп иштеп, бир топ тажрыйба топтоого жетишти.
2004-2005-жылдары Германиянын Гейдельберг шаарына өз билимин өркүндөтүү максатында барып келген.
2005-2009-жылдар аралыгында Кыргызстан ичинде гид-котормочу болуп жеке иштерди жүргүзгөн.
2015-жылы Кыргыз Билим Берүү Академиясынын «Кыргыз тили жана адабияты» факультетине тапшырып, 2017-жылы «Кыргыз тили жана адабияты» дипломунун ээси болду.
2015-жылы Кара-Жыгач жаңы конушундагы №91мектеп-гимназиясына немец тилинен мугалим болуп орношуп, азыркы тапта үзүрлүү иштеп жаткан учуру.
Ошону менен катар 6Г-классынын класс жетекчиси жана мектептин уюштуруу иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеп жатат.