Алмазбек кызы Нурзада 1995-жылдын 25-апрелинде Нарын областынын Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында туулган.
Атасы – Чылабаев Алмазбек Мааметмусаевич.
Апасы – Таабалдиева Гүлүкан Нургазиевна.
2001-жылы Нарын областынын Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылынын Э. Мейманов атындагы орто мектебинде 1-чи класска окуп, 2012-жылы ийгиликтуу аяктаган.
2012-жылы Бишкек шаарындагы Социалдык Өнүктүрүү Ишкердик Институтунун, “Социалдык педагогика жана Социалдык иш” кафедрасына өттүп. Окуп жургон убакытта №3 балдар бакчасында жана №77-мектепте соц педагог ишинин практикасынан өткөн. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген “Оберег” балдар борборунда тарбиячы болуп иштеген. “Элим барсынбы” кайрымдуулук фондунда жардам берүүчү болгон.
2018-жылы институтта “Социалдык иш” кесибин аяктап, ошол эле жылы №91 мектеп гимназиясынын башталгыч мектебине соц. педагог кызматтыгына иштеп баштады.