№91 мектеп-гимназиясы Орто жалпы билим берүүчү №91 мектеп-гимназиясы

Абдыкеримова Гүлзада Төлөмүшовна

Башталгыч класс мугалими

Абдыкеримова Гүлзада Төлөмүшовна  1989-жылы 19-февралда Ысык-Көл областына караштуу Тоң районунун  Тогуз-Булак  айылында туулган.

1996- жылы  айылдагы орто мектептин 1-классына кабыл алынып 2006-жылы бүт үргөн.

2006-жылы Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы КПУинин “Педагогика жана психология” бөлүмунө тапшырып 2011-жылы ийгиликтүү аяктаган.Ушул эле жылы “Тилдик билим берүү” магистратурасына тапшырып 2014-жылы бүтүргөн.

2010-2011-жылы А.Каниметов атындагы №1 интернатта тарбиячы болуп иштейт.

2013-2014-жылы №66 мектеп-гимназиясында башталгыч классынын мугалими адистиги менен иштейт.

2015-жылдан баштап №91 мектеп-гимназиясында башталгыч классынын мугалими адистиги менен эмгектенип келе жатат.

Учурда үй-бүлөлүү, 2 уулдун мээримдүү энеси жана жолдошунун сүйүктүү жары.