Абдиева Аида Токтобековна, 1978-жылы 24-декабрда Чүй областынын Суусамыр өрөөнүнүн Тунук айылында төрөлгөн.
1985-жылдан 1995-жылга чейин мектепте окуду.
Мектепти 1995-жылы бүтүп, Бишкек Медициналык окуу жайына тапшырып,1997-жылы кесиптик орто билим дипломуна ээ болду.
2013 –жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо институтуна кирди.
2016-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы М.Р.Рахимова атындагы квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды даярдоо институтунун Башталгыч билим берүү педагогикасы жана методикасы адистигине ээ болду.
Азыркы учурда Бишкек шаарындагы №91 мектеп-гимназиясында башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенет.
Үй бүлөөлү. 1 уул 3 кыздын энеси.