” Илим техника жана өндүрүш ” жумалыгы
6 -февралдан -12 февралга чейин № 91 МГ ” Илим , техника жана өндүрүш ” жумалыгы өтүлдү. Мектептин фоэсинде физика, сүрөт ,черчение , химия , тарых мугалимдери көргөзмө уюштурушту . Окуучулар үчүн класстык сааттар, шахмат жана тогуз коргоол ийримдери мелдештерди өткөрүштү. Химия , физика , биология мугалимдери Бишкек шаарынын КТУ, Агрардык университетинин музейлерине 7-11 класстын окуучуларын алып барып келишти . Мектептин техникага кызыккан 8- класстын окуучулары болочок ойлоп табуучулары Октябрь районунун ” Изилдөө проектисине ” катышып “Робот пылесос ” , “Ракета” деген эмгектери менен калыстар тарабынан жогорку баага татыды . Ошондой эле 25 – мартта өтө турган шаардык мектептер арасындагы конкурска катышууга жолдомо алышты.
Комментарии