Ак калпак күнү.
“Ак калпак калган мураска,
Атабыз айкөл Манастан”,- деген ураан менен №91 МГда Ак калпак күнү өзгөчө шаң менен белгиленди. Салтанаттын жүрүшүндө №6 МАБдын өкүлдөрү куттуктоо сөз сүйлөшүп, Ак калпак кыргыздын нарк- насилин өзүнө камтыган, көөнөрбөс байлык экендигин белгилеп өтүштү. Майрамдык иш-чара 40 уландын аткаруусунда “Кара жорго” улуттук бийи менен коштолуп, салтанат жөө жүрүш менен аяктады.
Комментарии