05.02.2019-ж Жаш мугалимдердин көрсөтмө куралдарынын көргөзмөсү болуп өттү. Буга стажысы аз жаш мугалимдер:
- Орус тили жана адабияты УБ – Жылкыбаева Сейил
- Табигый илимдер УБ – Орозобекова Үмүт
- Чет тили УБ –Тургунбек к Жибек
- Башталгыч класстар УБ – Жеңишбек к Салтанат
- Ийримдер цикли боюнча – Урпоева Ранат катышышты.
Комиссия курамы мектеп директору Чекирова А.Б., окуу бөлүм башчысы Токсобаева М.П., МУБ жетекчиси Бакеева Р.Ш., орус тили мугалими Джаманкулова Э.Т. болушту жана жасаган көрсөтмө куралдарына баа беришти.
Бул көргөзмөгө мугалимдин портфолиосу, окуучулардын портфолиосу, тематикалык папкалар, дидактикалык көрсөтмө куралдар, буклеттер, түстүү сүрөттөр, дисктер, карточкалар, окуучулардын эмгектери , ТСО коюлду. Жаш мугалимдер өздөрү жасаган көрсөтмө куралдардын сабактын кайсы формаларында колдонулушу , кандай жол менен , кантип баалай турганынан бери презентациялап беришти. Бардыгы кызыгуу менен аракет кылшып даярдангандары билинип турду. Жаш мугалимдердин көрсөтмө куралдарынын көргөзмөсүн бардык мугалимдер келип көрүшүп, аларга мындан аркы иштерине ийгилик каалашты.
Комментарии