№91 мектеп-гимназиясы Орто жалпы билим берүүчү №91 мектеп-гимназиясы

Жумагазы уулу Баяз

Тарых мугалими Жумагазы уулу Баяз 2016-2017-окуу жылында өткөрүлгөн «Жүрөгүм менин балдарга» атту мугалимдер арасындагы кароо сынагына катышкан. Бул кароо сынактын алкагында «Жаш мугалим» номинациясына катышты. Анда, райондук конкурста бир толук ачык сабак жана 20 минуталык мастер класс өтүү менен биринчи орунду ээлеген. Андан кийин ушу эле конкурстун шаардын биринчилигине катышып, ал жактан бир ачык сабак жана бир мастер класс өттү. Калыстар тобунун чечими менен экинчи орунга татыктуу болгон. Жыйынтыгында  ОРББнын, Октябрь районунун администрациясынын, шаардык профсоюздун, билим берүү башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын мериясынын ардак граммоталары менен сыйланган.