2018-2019-окуу жылынын сентябрь айынан Бишкек шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулган Мектеп Лигасынын 3 сезонунун 1-туру раойндук масштабта башталды. Лига былтыркы жылдан айырмаланып, быйылкы жылы өзүнө спорттун 19 түрүн камтыды. Алар: баскетбол, волейбол, футбол, дартс, жеңил атлетика, шахмат, шашки, тогуз коргоол, гандбол, сууда сүзүү, бадминтон, кыргыз күрөшү, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, таэквандо, дзюдо, роуп скиппинг, стол тенниси жана спорттун прикладдык түрү.
Бул түрлөрдүн баарына катышып, №91- мектеп-гимназиясынын спортчу окуучулары спорттун 8 түрүнөн 2-турга, башкача айтканда шаардык масштабда мелдешке катышууга жолдомо алышты. Алар: волейбол (балдар, кыздар), тогуз коргоол, гандбол, дзюдо, таэквандо, грек-рим күрөшү, эркин күрөш, кыргыз күрөшү.
Ал эми Мектеп Лигасынын 2-туру 2019-жылдын январь айынан башталып, биздин №91-мектеп-гимназиясынын окуучулары ийгилик жаратып келүүдө. Натыйжада, волейбол боюнча эркек балдарыбыз шаар биринчилигинен 3-орунду ээлешсе, ал эми кыздар 4-орунду камтышты. Гадбол боюнча азыркы учурда мелдеш жүрүп жатат. Балдардын спорттун бул түрүнөн да байгелүү орунга жетишине биз ишенебиз.
Андан кийин март айында Лиганын тогуз коргоол боюнча мелдеши 2-тур боюнча башталат. Ал мелдешке да биздин спортчу окуучуларыбыз кызуу даярдыктарын көрүүдө.