№91 школа-гимназия Общеобразовательная школа-гимназия №91

Социально-психологическая служба

2017-2018-окуу жылындагы №91 мектеп-гимназиясынын соцпедагогунун иштери боюнча  жылдык анализ отчету.

Соцпедагогдун  аткаруучулук милдеттери:

-Соцпедагог окуучулардын  социалдык коргоо, социалдык колдо(тарбиялануучулардын) инсандык эркиндигин жана укуктарын ишке ашыруу боюнча чараларды көрөт, жаштар менен балдардын  укуктарын  жана кызыкчылыктарын коргойт, мектепте ар түрдүү инстанцияларда алардын өкүлү катары иш жүргүзүп, бул максатта башка кесиптеги адистерди да тартат.

-Жаштардын жана өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумундагы коомго жат фактыларды ( кылмыштуулук, укук бузуу, араккечтик,  токсикоманиялык менен бангилик ж. б. алдын алуу иштери) өз убагында аныктап, алдын алуу иштерин жүргүзөт, дени сак жашоо таризин уюштуруу маселелери менен алектенип акыл-эс жана дене бой жагынан жетилишине өксүгү бар жаштар жана балдарды түзөтүүчү-калыбына келтирүчү иштерди уюштуруп,жүзөгө ашырат.

-Окуучулардын укуктарын  жана эркиндигин ишке ашыруу, саламаттыкты жана өмүрдү коргоону камсыз кылуучу бейпил жана жагымдуу шарт түзөт.

— Социалдык чөйрөдө адамкерчиликтүү,толук ыймандуу мамилелерди түзүү, ата-энелерди (мыйзамдуу өкүлдөрдү),жана коомчулукту балдар маселелерин чечүүгө тартуу.

-Окуучуларды медициналык жактан тейленишин көзөмөлдөйт жана мед айым менен бирдикте Ф-63,Ф-26 карточкаларынын болуусуна жардам берет.

— Педагогикалык  багыттагы чөйрөнү түзүүнү уюштурат.

— Социалдык кооптуу үй-бүлөөлөрдү аныктайт, алардын балдарга тийгизген терс таасирин төмөндөтүүгө көмөктөшөт, инсандын өсүшү  үчүн жагымдуу шарттарды  түзүүгө жардам берет, үй-бүлөдө баланы эртелеп жетилүүгө жана тарбиялоого  колдоо көрсөтөт.

— Жетим жана ата-энесинин багуусунан калган окуучу балдардын сактык салымдарын  баалуу кагаздарын тариздейт.

— Ата-энелердин педагогикалык маданиятын жогорулатуу, алардын  өз милдетине жоопкерчиликтүү ан-сезимдүү мамилесин калыптандыруу, ошондой эле ата-энелер менен болгон мамилесинде кыйынчылыктарга туш келген балдарга жардам берүү.

-Ата-энелер менен балдардын  мамилесин жакшыртуу бей жай үй-бүлөлөрдө жашаган балдардын мамилешүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү.

-Коомго аралашуу жагынан кыйынчылыкка кабылган кам көрүүгө муктаж,оор абалга түшүп калган балдар менен жаштарды таап чыгат жана эсепке алат, аларга социалдык-педагогикалык жактан колдоо көрсөтөт.

Башталгыч класстарынын  мугалимдерине усулдук жардам көрсөтөт.

Соцпедагогдун максаттары:

-Cоциалдык  жактан муктаж болгон окуучуларга мектеп тарабынан (мектептин китепканасынан китеп, ашканасынан бир маал ысык тамак уюштуруу, мектеп парламенти тарабынан, мектеп фондунан, мектептин класстык фондунан, мектептеги мээримдүүлүк кылган мугалимдер тарабынан ), окуу борборлордон , жергиликтүү мечиттерден, жергиликтүү айыл өкмөтүнөн , партия мекендештер тарабынан жардам көрсөтүү.

-Социалдык жактан муктаж болгон окуучуларга коомдук жана уй-бүлөөлүк  укуктарын коргоо жана шарт түзүп берүү.

-Медициналык жактан ден-соолугуна кам көрүү жана жардам берүү.

-Моралдык жана психологиялык жактан жардам берүү жана кенеш берүү.

— Кыйналган шарттарга учураган окуучуларга жардам көрсөттүү

2017-2018-окуу жылында социалдык жактан муктаж болгон окуучулар 249 болду жана мектеп боюнча 16.9% пайызды түздү.

№91 МГБаардык окуучу-ларЖетимЖарым жетимКөп үй-бүлөМайып окуучу-ларАта-энеси майып 

Афган

Аз камсызТолук эмес үй-бүлөмигрантСоц.ж.мпайыз
9114721666976113493724916.9%

 

11-а  класста окуган Султаналиева Нуркыз ата-энеси каза болгон.

Байкесинин колунда турат,жашоо шарты жакшы. Дареги  Алтын-Ордо 590.

5-г класс Маратбек у Куттубек жарым жетим.

8-а класста Алтынбек у Акжол. Дареги: Кара-Жыгач 462.

10-а класста Жекшенов Нурмырза . Сон Көл-8 жарым жетим.

Бул  окуучулардын  үйлөрунө барып ,жашоо шарттары менен таанышып, соцпедагог, тарбия завуч, жаш өспүрүм инспектр тарабынан акт түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Социалдык жактан муктаж болгон окуучулардын эн начар жашаган үй-бүлөлөрдөн мектептеги бекер ысык  тамакка 65 окуучунун тиешелүү документтерин топтоп, бир жыл бою бекер тамакка жазылышып, ичип келишти.

6-а класстан 4 окуучу :

Рыспеков Иман, Мамбеталиева Э, Асанбеков А,Турумбеков Н.

6-бкл 4 окуучу, 6-в кл 4 окуучу, 6г-кл 5окуучу, 6д-кл 4 окуучу, 7а-кл 10 окуучу,7б-кл 5 окуучу,7г-кл 5 окуучу, 5а-кл 4окуучу, 5б-кл  9 окуучу, 5-в кл 7 окуучу,5г-кл 7 окуучу бекер тамак ичип жатышты.

Сентябрь, октябрь  айында  баардык  окуучулардын  социалдык  паспорттору түзүлүп, сүрөттөрү чапталып, тапшырылды.

Социалдык паспорт 1-кл-11-кл чейин толук алынды.

Ноябрь, декабрь айында социалдык педагогикалык  профилактика коррекция, реабилитация жүргүзүлүп, жүрүш- турушу нормадан четтеген окуучулардын алдын ала аныктоо жана ар профилактикалык иштерди жүргүзүү болду.

Жүрүш-турушу начар окуучу:

Уйунө барып , ЖӨИ кызматкери , тарбия завуч, соцпедагог менен бирдикте.

Окуучулардын арасында сергек жашоо жөнүндө билим берүү жана ар кандай турмуштун оор кырдаалына туш келген балдарды реабилитация көрсөтүү иштери жүргүзүлдү.

11-кл,10-кл,9-кл,8-класстардын окуучуларынан 5% пайызы сергек жашоо жана оор кырдаалга туш келген окуучулар.

Мүнөзү оор болгон балдарды ийримдерге,спорттук секцияларга катыштыруу жардамдары көрсөтүлдү.

Мисалы: Бахадыр к Жибек, Талгарбек у Дастан, Шамшиев Камчыбек ж.б.

Окуучулардын окууга болгон көз карашы , тарбиясы боюнча ата-энелер менен иштөө ноябрь-декабрь айында соцпедагог кабинетинде болду.

Ата-эне жана баланын ортосундагы мамиленин келишпестигин аныктоо, ата-энелер менен сүйлөшүү,моралдык жактан тийгизген таасири, бала менен көчө.

Жетишпеген үй-бүлөлөргө район, акимият, мэрия, президент, соцзащита тарабынан белектер менен сыйланды.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга мектеп фондунан акча каражаты бөлүнүп,өздөрунө ылайык белектер менен сыйланды.

Мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар : Абиркулов Аскат 4а-кл, Искендерова Бексырга 2-г кл, Асаналиева Даткайым 2г-кл, Кенжебаев Алишер 9-в кл,Муратбек у Амантай 9в-кл,Курманбеков Ислам 3а-кл.

Сабакка келбеген жана калган окуучулардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери психолог, соцпедагог, тарбия завуч, ЖӨИ кызматкери менен бирдикте иш жүргүзүлдү.

Компьютерге көз каранды окуучулар болгон жок, клубдарга барып , клубдун ээлери менен иш жүргүзүлдү.

Өспүрүмдөргө айлана –чөйрөдөгү жаман сапаттары таасири аттуу темада чакан сабак тренинг январь айында  соцпедагогдун, ЖӨИ кызматкердин, тарбия завучтун кабинетинде 3 күн жүргүзүлдү.

11-10-9-8-7-6-5-класстардын окуучулары катышышты, алар өз ойлорун , сунуштарын айтышты.

Рэкет-деген эмне? Аттуу темада 5-11-класстар арасында анкета таратылып, окуучулардын суроого болгон ойлору жазылып, жыйынтыгы чыкты.

Жыйынтыгында :

Биздин мектепте окуучуларга салык салып, рэкетчилик кылган  окуучулар жок болуп чыкты.

Социалдык педагогикалык семинарлар, конференциялар жыл бою мектептерде, отелдерде “Зордук зомбулуктарга каршы”,”Өзүн-өзү өлүмгө тартуу”,”Жаман адаттардан,оорулардан сактануу” аттуу темада көптөгөн семинарлар болуп жатты.

Бул темаларда алдын алуу маселелери ,кеп-кенештер,колдонулуучу методдор жазылган китепчелер, плакаттар таратылды.

Жылдын аягында социалдык жактан муктаж болгон окуучуларды  жайкы эс алуу лагерине тартуу.

Социалдык педагогикалык проблемалар боюнча окуп-үйрөнүлгөн методикалык изилдөөлөр чогултулду.

Сунуштар:

Cоциалдык жактан муктаж болгон окуучулардан ,мектептин бир маал ысык тамагына тиешелүү документтеринен сырткары, акимиаттын соцзащитасынын учетунда турган окуучуларды гана тамак берүүгө шарт түзүлсө.

Жайкы эс алуу лагерине социалдык жактан муктаж болгон окуучулардын баардыгына эс алышса, көптөгөн пайдалуу шаардык борборлордон окуу куралдар берилсе.

 

Мектеп психологунун  психологунунишинин анализи

 

Иштин максаты:

Билим берүү процессинде психологиялык-педагогикалык колдоо

 

Милдеттери:

— психологиялык өнүктүрүүдо коомдук кырдаалды талдоо, негизги маселелерди аныктоо жана алардын себептерин жана жолдорун аныктап, аларды чечүү.

— ар бир курактык этапка жараша  окуучуларга жеке жана интелектуалдык  өсүшүнө жардам берүү.

— окуучулардын кесип тандоодо өзүн-өзү жөндөмдүүлүгүн аныктоо.

— коомдук жана психологиялык ден-соолугунда өзгөрүү болгон окуучуларды алдын алуу иштерди жүргүзүп жоюу.

— ата-эне менен тыгыз мамиледе болуп, окуучуда эмоциялык ,психологиялык өзгөрүүлөрдү чоогу  иштешүү

 

Психолог төмөнкүдөй иш-чараларды камтыйт:

Бардык багыттар боюнча окуучулар менен иштөө:

— балдардын өмүрүн жана ден-соолугун коргоо, кылмыштын алдын алуу;

— психологиялык – педагогикалык жактан окуучуларды колдоо «Группа риска»;

— ОРТ даярданууда психологиялык колдоо.

Мугалимдер курамы менен иштөө;

-жекече баарлашуу жүргүзүү;

-жардам берүүчү  иш (мугалимдердин жолугушууларда, семинарларда сөз сүйлөөгө, шайлоо өткөрүү психологиялык жана билим берүү, )

Ата-энелер менен иштөө;

— жекече жана топтук сүйлөөшүү (диагнстиканын суроо-талабы жана жыйынтыгы боюнча)

— алдын алуучу  иш (ата-энелер жыйналыштарына сөз).

 

Уюштуруучу-методикалык иши.  (иш-чараларды пландоо, талдоо иштери; жабдууларды тандап алуу боюнча илимий-практикалык иш адабияттарды талдоо; өнүгүү жана коргоо программаларын иштеп чыгуу, илимий семинарларда, жыйналыш жолугушууларына, окутуу бирикмелерге катышуу,  көрсөтмө куралдарды даярдоо, берүү тесттерди түзүү.)

 

Диагностикалык иши. 2018-2019-окуу жылынан баштап, жеке жана топтук изилдөө акыл-өнүгүү багытын аныктоо үчүн, жеке окуучунун жаш курагына жана ийилчээктиктин ченемдерин сактоо; ошондой эле психикалык жагынан ар кандай четтөөлөрдү изилдөө; психологиялык диагнозун жүргүзүү, окуучулардын жеке өзгөчөлүктөрүн аныктоо, өзүн-өзү аныктоо үчүн психологиялык даярдыгын аныктоо (тынчсыздануу, ачууга алдыруу). Мектептеги жагымдуу жагдайды изилдөө, ошондой эле кесипти тандоо даярдыгын изилдөө .

 

Окуучулар, ата-энелер, мугалимдер менен жүргүзүүлүчү кеңеш иштери.

Кеңеш иши эки багытта өтүп жатты:

  • Жеке баарлашуу.
  • Топ менен баарлашуу.

Жыл ичинде 22 жекече баарлашуу өттү.  Алардын 41% мугалимдер, 55% ата-энелер жана 14% окуучулар кайрылган.

Кеңеш иштери, мугалимдер жана окуучулардын ата-энелери менен чогу талкуулап абалды жакшыртуу иши үчүн өткөрүлдү. Көбүнчө башталгыч класстардын мугалимдери менен класстагы тентек балдар менен тарбиялоо жүргүзүштү. Аларды  жүрүм-турумундагы көйгөйлөрү, окуу жагынан аракеттенүүсү көзөмөлгө алынды.

Топтук баарлашуунун темалары:

— «Мектеп турмушуна кирүү», — биринчи класстын окуучуларынын ата-энелер үчүн;

— «Окуучулардын адеп  аспектилери” – окуучулардын багуусунун изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча мугалимдер үчүн;

— «Мектепте тентек бала», — башталгыч класстардын ата-энелерү чүн;

— «Баланын мектепке психологиялык жактан даярдыгы», — мектепке чейинки окуган балдардын ата-энелер үчүн;

— «Сынакка даярдоо», — 9чу жана 11чи-класстардын окуучулары үчүн.

 

Психологиялык билимберүү жана алдын алуу иши. Бул иш мекемеде жагымдуу психологиялык климатты түзүүгө багытталган, ал окуучулар мугалимдер менен бирге байланышын жакшыртууга өбөлгө түзөт; үй-бүлөлүк тарбиялоо жана ар бир курактагы байланышкан маселелер боюнча ата-энелерге мугалимдерге психологиялык билим-берүү.

Жыл ичинде окуучулар менен топтук иш жүрүп жатты, биримдик, өз алдынча билим алуу, стресстен чыгуу,  өзүн-өзү кармай албаган боюнча максатында .

Ата-энелер менен болгон иштер;

Ата-энелер жыйындарына катышуу:

«Окуучунун ОРТга  даярдануу үчүн психологиялык өзгөчөлүктөрү»

«Баланын мектепке канчалык денгээлде даярдыгы»

Мектепке чейинки окуган балдар менен иштөө

«Кризис убакыт. Башталгыч класстан ортонку звеного өтүү »

Жаңы чөйрөгө келүү мөөнөтү

» чыр-чатакты чечүү үчүн ыкмалар »

«Өзүнө-өзү кол салуу чоң кишилердин проблемасы болуп саналат»

 

Жыл башында түзүлгөн план боюнча иш алынып турду.

Мектепке биринчи жолу келген балага ал көнүп кеткиче кыйынчылык жаратпай койбойт. Баланын көпчүлүк коллективге, башка чөйрөгө келиши аны психоэмоцианалдык абалга дуушар кылат. Ошондуктан окуучуну мектептин жаңы чөйрөсүнө, мектептин талаптарына психологиялык жактан кам көрүү учур талабы болуп эсептелет.

 

Аяк оона айы.

Окуучулардын 1-класска даярдыгын текшерүү боюнча “Керна-Ирасека” тести өткөрүлдү. Бул тест менен окуучунун дүйнө таанымын, психикалык кыял-эсинин деңгээлин билүүгө, окуучулар канчалык деңгээлде тапшырмаларды аткара алаарына билүүгө болот.Мектепте жалпы биринчи класстан беш класс бар:1-а,1-б,1-в,1-г, 1-а класста– 33 окуучу, 1 -б – 30 окуучу, 1-в -29окуучу, 1-г – 32. Тестин жыйынтыгы боюнча 1-а класстан – 4 окуучу, 1-б класстан – 1 окуучу, 1-в класстан – 5 окуучу, 1-г  класстан – 2 окуучу мектеп окууга көнүүсү даяр эместигин көрсөтүштү. Педсоветтин чечими менен бул окуучуларга  кошумча сабактардын жүгүртмөсү түзүлгөн жана кошумча сабактар  өткөрүлгөн. Аяк оона айынын аягында жыйындар өткөрүлүп ата-энелер чогулушунда тесттин жыйынтыгы боюнча маалымат берилди.

Ошондой эле 3,4чу класстар менен да иш жүргүзүлүп жатты. Класстардан сүрөт тартуу тести аланып жатты. 3чу — класстардан “адам жамгырда” тесте баланын канчалык денгээлде коркунучу, проблемаларын кандай коруу болот ж.б. 4чу- класстар “мен жана менин классым” тесте окуучу мугалим менен мамилеси, классташтары менен мамилеси, класста өзүн кандай сезет экенин көрсөтөт.

 

Тогуздун айы.

Тогуздун айында. Класс жетекчилер менен бирдикте сабагынын жетишпеген окуучулар менен кошумча сабактарды өткөрүү үчүн расписание түзүлдү.

2017-жылдын тогуздун айында 5чи-класстар үчүн Филипс тести өткөрүлдү. Филипс тести менен окуучулардын башталгыч звенодог ортоңку звеного өтүүсүндөгү тынчсыздануусунун деңгээлин билүүгө болот. Тестин жыйынтыгында 5-А,Б,В,Г – класстарынан 3-4 окуучунун тынчсыздануусу байкалды. Тынчсыздануунун пайда болуусунун себептери: ар бир сабактан ар кайсы мугалимдердин бериши, жаман баа алып калсам кандай болот деп ата-энесинен коркуу, жаңы окуучуларга көнүү жана башка себептер.

Тынчысыздануусу көбүрөөк пайызды көрсөткөн окуучулар менен класс жетекчилер менен бирдикте иш жүргүзүлдү.Ар бир окуучуга индивидуалдык түрдө жардам берилди,ата-энеси менен консультациялар өткөрүлдү, кошумча түзөтүү тренинги өткөрүлдү.

10-чу класстарда тынчсыздануу көрүнүчтөрү болот. “мугалим-окуучу”, шкала Кондаша өткөрүлдү. Колледжге кеткен окуучулары менен мамиле, кетип кайра келген окуучулардын көз карашы деген сүйлөшүүлөр болгон.

 

Жетинин айы

План боюнча 5-класстар үчүн социометриялык изилдөө тести өткөрүлдү. Бул тестин жардамы менен окуучулардын өздүк сапаттарын билүүгө болот. Окуучулардын арасынан “лидер” жана “жоош” балдар аныкталды. Лидер болгон балдар –жакшы окушат жана окуучулардын арасында ишенимдуу жана тарбияланган окуучулар,жоош балдар—бул группадагы балдар начар окушат,толук эмес үй-бүлө жана туугандары менен жашаган окуучулар,алар менен балдар көп мамелеси жок, ойногусу да келбейт.  “Наркоманияны алдын алуу” темасында 7-8- класстын окуучулары менен бирдикте мектептин жыйындар залында лекция окулду. Окуучулар лекцияга кызыгуу  менен талкуу жүрүгүзүп, активдүү катышты. 5-класстын окуучулары үчүн “Ынтымактуу класс” деген темада класстык саат өткөрүлдү.

Мугалимдерден канчалык денгээлде конфликтүү экенин билүү боюнча тест өткөрүлдү. Тестин жыйынтыгында 1 мугалим өйдө, 5 төмөн көрсөткүчтөрдү беришти. Төмөн көрсөткөн мугалимдер менен сүйлөшүүлөр болду. “сиз эмнеден коркосуз?”

 

Бештин айы.

Бештин айында 2-класстар үчүн сүрөт тести  “Менин үй-бүлөм ” өткөрүлдү. Бул тестин жардамы менен үй бүлөдөгү психологиялык климатты, бала үй бүлөдө кандай орунду ээлейт, ата-энесине мамилеси жана башка үй- бүлө мүчөлөрүнө баланын мамилесин аныктоого болот.

 

Үчтүн айы.

Үчтүн   айынын 22 де мектеп жана ИДН учетунда турган окуучулардын жүрүш-турушу жөнүндө профилактикалык кеңеш өткөрүлдү. окуучулардын жашоо-шартын билүү максатында иштер жүргүзүлдү.

Бештин айында-үчтүн айынын ичинде 5-8 класстарда

Окуучулардын эс-тутумун текшерүү Лурия тести өткөрүлдү.

Жалпы 5чи жана 7чи класстардын өйдө денгээлде.

Окуучулардын мотивациясынын денгээлин аныктоо үчүн Лусканова тести өткөрүлдү. Бул анкета 10 суроодон турат, жообунда окуучулар   5 топко бөлүнүштү.

1-топ мектепке мотивацияланган окуучулар эң жогорку деңгээлде

2- топ жакшы мотивацияланган окуучулар

3-топ сабак кызыктырбаган окуучулар

4-топ эң төмөн мектеп мотивациясы

5-топ  мектепке тескери мамиле жасаган окуучулар. Анкетанын жыйынтыгы боюнча 5чи -г класстын окуучулары 60% 1-топко киришти мектепке мотивацияланган окуучулар эң жогорку деңгээлде.

Эгер орун менен болүштүргөндө.

5- класстар арасында: 5-Г, 5-В, 5-А, 5-Б

6- класстар арасында: 6-Д, 6-Б, 6-А, 6-В жана 6-Г

7- класстар арасында 7-В, 7-А, 7-Б, 7-Г, 7-Д.

Тесттен төмөн деген категорияны көрсөткөн балдардын класс жетекчилерге кеңеш берилген.

 

Бирдин айы.

Жашоодогу байкоо боюнча бала 14-16ты жашта депрессияга түшө баштайт. Дегеле ар кандай ойлор болот “мени багып алышкан жок беле”, “улуулар менен мамиле түзүү”, “сатып кетүү”, “сүйүү”. 8чи класс окуучуларынан депрессия денгээлин аныктоо учун тест Бека өткөрүлгөн. Баардык класстардан жалпы 11 бала депрессия абалы күч алып турган кези болуп чыкты. Бул балдырдын ата-энеси менен бала менен өз алдынчы сүйлөшүүлөр болду. 5 окуучу менен түзөтүү иши окуу жылдын аягына чейин өткөрүлдү.

 

 

 

Жалган куран айы.

Жалган куран айында кесипке багыт берүү боюнча 9-11 класстын окуучулары үчүн анкета жүргүзүлдү. Анкетанын жыйынтыгы боюнча 9чу-класстын окуучуларынын 60%  мектепте калып окуусун улантат. Ал эми 11-класстардын окуучуларынын 78% жогорку окуу жайларына тапшыраары маалым болду.

Багыты боюнча “П”-жаратылыш, “Т” – техника, “Ч”- адам, “З” – белги, “Х” – сүрөтчү. Эгер окуучу техника багытында көбүрөөк балл алса, анда бул окуучу техникага байланган кесип тандаса болот.

 

Чын куран айы.

240 саатта окуп жаткан окуучулар үчүн мектепке даярдыгын текшерүү үчүн тест жүргүзүлдү. 40% окуучулардык ой-жүгүртүүсү (ата-энеси кайда иштегени, түстөрдү ж.б.) начар чыкты. Тестин жыйынтыгы боюнча 4% балдар мектепке даяр эместигин көрсөттү—тамгаларды билбей,жазууга колу кондой.

 

Чын куран айында 4-класстын окуучуларынан ортонку звеного өтүүсүндө тынсыздануусу канчалык деңгээлде окуучуларга психологиялык жактан таасир берип атканын алдын – ала билүү үчүн тест жүргүзүлдү. Тест жыйынтыгы боюнча 4-Б класстан – 4 окуучу, 4-В класстан – 3 окуучу, 4-Г класстан – 3 окуучу, 4-Д класстан – 2 окуучу тынчсыздануусу жогорку пайызда экенин байкалды. Мындай окуучулардын ар бирине дептер ачылып, жекече иш жүргүзүлдү.

 

Бугу айы

Бугу айында 19-23 – майда “Экзаменге кандай маанай менен кирүү керек” деген темада лекция окулду жана тренинг өткөрүлдү,коркуп жаткан окуучулар менен жеке консультация жүргүзүлдү.

 

2018 — 2019-окуу жылында өнүгүү иш.

Ар бир жашка физиология жана эмоциялык жагын алып план түзүү.

Башталгыч класстардан дүйнөнү таанып билүү процесстерин денгээлин билуу:

Өйдөнкү звенодон дисскуссия, дебат түрүндө өткөрүү:

6-кл өзүн баалоо, ички сезимин менен таанышуу.

Интелектуалдык денгээлин билүү, жана “билим эменеге жардам берет?” экенин билдирүү.